Акыркы макалалар

Айылдыктар кургак учукка каршы

Жылдан жылга кургак учук дартынын көйгөйү дүйнө жүзү боюнча актуалдуу маселеге айланууда. Буга байланыштуу бул дартка каршы күрөшүүнүн бир айлыгынын алкагында өлкөнүн жер-жерлеринде дагы иш-чаралар өтүүдө. Бул жаатта айыл жергесиндеги абалды билүү максатында Чүй областынын Сынташ жана Кызыл-Арык айылдарынын Айылдык ден соолук комитеттери (АДК) жана жашоочулары менен пикир алыштык.

АЙМИРА МЕНДЕЕВА

Кызыл-Арык айылынын Фельдшердик акушердик пунктунун (ФАП) жетекчиси, фельдшер Гүлнур Турусбекованын айтымында, ал иштеген ФАП эки айылдын элин тейлейт. Экөөндө тең айылдык ден соолук комитеттери иштеп, үгүт-насыят иштерин жүргүзүүдө, кыдырып маалымат таркатууда көмөктөшөт. “Бардыгы болуп 1500 адам жашайт. Мага АДКлардын жардамы абдан тийет. Мисалы балдарга эмдөө жасай турган болсом, бардыгын кыдырып айтып чыгуу мүмкүн эмес, ошондуктан сөзсүз мен аларга таянамын. АДК 2011-жылдан тарта иштеп жатышат, ошондон бери кыйла жеңилдеп калдым, болбосо жанымдагы медайым экөөбүз жетише албайбыз”,-дейт ал.

Г.Турусбекованын маалыматы боюнча айылда кургак учук менен бир аял катталган, ал учурда ДОТС программасы менен дарыланууда. “Бизге кургак учуктун ачык түрү менен ооруп калган келин каттоодо турат. Анын күйөөсү экөө үйлөнгөнгө чейин эле ооруп жүргөн экен, бирок айыккан соң үйлөнүшкөн. Ошентсе дагы азыр келинчеги ооруп калды. Бул келин бир жыл мурда чала дарыланып калгандыктан, жакшы айыкпай азыр ДОТС программасы менен дарыланууга туура келүүдө. Учурда эки баласы менен Жети-Өгүз санаториясына кетти. Балдарына болсо кургак учукка каршы эмдөө жасалган. Биз бул дарттын алдын алуу максатында АДКлар менен бирге иштешип жатабыз, алар түшүндүрмө баракчаларын таркатышат. Мисалы, айыл тургундарына ар кандай оорулардын алдын алуу тууралуу китепчелер берилет, ал эми бул жерге процедура алуу үчүн келгендерге дисктер көрсөтүлөт. Айылда көбүнчө жүрөк оорулар, кан басымдын жогору болушу кездешет. Ошондой эле мезгилдик оорулар кармап турат, колдон келген жардамдар берилет. ФАПтарга эки жылдан бери жакшы көңүл бурулууда. Бирок бизге азыр зарыл болгон жабдуулар мисалы, журналдарды койгонго шкаф, стол-стулдар жетишпейт. Кышкысын болсо көмүр менен жылытабыз”,-дейт ФАПтын жетекчиси.

СЕРГЕК ЖАШОО ООРУДАН АЛЫСТАТАТ

Кызыл-Арык айыл өкмөтүнүн АДК жетекчиси Майрам Алгадаеванын айтымында комитеттин 8 мүчөсү бар. 140 түтүн үй ар бир мүчөгө 20дан бөлүнгөн. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүп баракчаларды таркатуу менен ооруп калгандардын кан басымын өлчөй турган аппараттары дагы жанында болот. Өзүн начар сезип жаткандарды карап, кан басымын өлчөп жана кеңештерди бере алышат. “Кургак учук боюнча өнөктүктү быйыл экинчи жолу жүргүзүп жатабыз. Мурда айылыбыз боюнча бирөө гана ооруган экен, ал дагы азыр санаторияга жөнөтүлгөн. Биздин ишибизде деле кээ бир учурларда түшүнбөстүктөр болот, мисалы “Гүлазыкты” айрымдары жеткире билбегендиктен бербей койгон учурлары болду. Бул тууралуу жакшылап маектешкен соң балдарына үзбөй бере башташты”,-дейт М.Алгадаева.

Сынташ айылынын тургуну Бакыт Курманов көптөгөн оорулар тууралуу маалымат таркатууда ден соолук комитеттери жакшы иштеп жаткандыгын белгиледи. “Биз көп дарттар тууралуу ушул АДКлар аркылуу билип жатабыз. Мисалы кургак учук Кох таякчасы менен аба аркылуу жугаарын, бул өпкө жана башка органдардын бардыгын жабыркатарын түшүндүрүштү. Жеке гигиенаны сактап, таза жүрүү керек, өз учурунда тамактанып жана зыяндуу адаттар ичкилик жана тамекиден алыс болуу керектигин билип калдык”,-дейт Б.Курманов.

“КОМПЬЮТЕР ДЕГЕН СОТКАНЫН ЭЛЕ ЧОҢУ ЭКЕН”

Буттарынын оорусу боюнча II топтогу тубаса майып, 28 жаштагы Илим Дыйканбаев болсо АДКлардын жардамы менен айылдагы майып балдар жана чоңдор үчүн ачылган чакан жайда компьютер үйрөнүү үчүн келип жатышкандыгын айтат: Мектепте окуй алган жокмун. Үйдөн өзүм эле тамга таанып, эсеп чыгарууну үйрөнүп жатамын. Бирок мага атайы окуу программасы менен окумайынча болбойт деп жатышат. Ал үчүн мугалим жалдоо керек экен, айылдагылар менен сүйлөшсөм эч ким макул болбой койду. Мен өзүм кесипке ээ болуу максатында азыр Бишкек шаарынан компьютердик курста окуп жатамын. Колуман келет деп ишенемин, буюрса үйрөнүп, окуп келсем, айылдагы өзүмө окшогон балдарга үйрөтүүгө жардамым тиет деп үмүттөнөмүн. Бир жумада эле бир программаны толук өздөштүрө алдым. Көрсө компьютер сотканын эле чоңу экен. Буга чейин кошунамдан бут кийим оңдогонду үйрөнүп алып, айылдагы жердештеримдин бут кийимдерин жамап-жазгап иштеп жүрчүмүн. Аны менен деле жарытылуу акча таба албайт экенсиң. Майыптыгым боюнча кайрылсам, колуң менен башың иштейт экен деп II топту берип коюшту. Жөлөк пулум бир жарым миң сом, ал болсо эч нерсеңе жетпейт”,-дейт И.Дыйканбаев.

Айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Эшкожоевдин айтымында кургак учук менен ооруп калган айыл тургундарына дарылоочу жайларга жеткирүүдө жол кире, ай сайын тамак-аш салынган пакет берүү жагы каралган. “Кургак учук менен ооруп калгандар бизге кайрылып дайыма жардам ала алышат. Сынташ айылы тоо этеги болгондуктан бийик тоолуу өрөөнгө кирет, жаз эки жумага кеч келет. Андыктан айылдыктардын жашоосун жеңилдетүү максатында ПРООН аркылуу долбоор менен арзан баада айылдыктарга үрөөн таратуу жагы да каралууда”,-деп белгиледи М.Эшкожоев.

Жыйынтыктап айтканда, айыл элинин турмушу жер менен бекем байланышта болгондуктан, ден соолуктун болушу да чоң мааниге ээ. Айыл эли бул жаатта ар кандай ооруларга сергек, жоопкерчиликтүү мамиле жасоо менен дарыгерлерге жардам бере аларына ишенебиз.

Сүрөттөр: DSCF2867 Майрам Алгадаева, DSCF2957 Гүлнур Турусбекова, DSCF2895 Илим Дыйканбаев, DSCF2892 Мирлан Эшкожоев

DSCF2914 1.АДКнын мүчөлөрү Сынташ айылынын жашоочуларын кыдырып кургак учук дарты тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

29.03.2013, №12

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...