Акыркы макалалар

Салам, Нью-Йорк сити!

Салам, Нью-Йорк сити!

Ушул жылдын 7-июлунан 7-августуна чейин Америка Кошмо Штаттарында сапарда болуп, андагы көргөн-билгендеримди окурмандар менен бөлүшүүнү туура таптым. Мага чейин ал жакка барып келгендерге, туруктуу жашап жана иштегендерге, балким, менин баяным анчалык деле кызыгууну туудурбас. Ошентсе да башка мамлекетке барган-көргөн ар бир адам бейтааныш жерди, элди ар башкача кабылдайт эмеспи. Ушул ойдо, журналисттик жүрөгүм жай бербей, жеке байкоолорумду окурмандар үчүн ортого салып турганым.

“Күүнүн башы Камбаркан” дегендей эле, Америка Кошмо Штаттарына баруудан мурун виза ачуу аземинен аз-маз айта кетейин. Кайсы мамлекетке камынып жатканыңдын дарек-жайы мамлекеттин Бишкектеги элчилигинин короосунун сырт жагынан эле башталгандай сезилди мага. Мында турмуш-жайдын олуттуу, тагдыр чечер маселеси каралып жаткансып, кандайдыр бир сүрдүүлүк жышаан сезилет. Виза алууга келгендерди адегенде тизмеге каттап, анан бирден кезек менен улам бир постуна жылдырып олтурганы да өзүнчө бир азем. Аэропорттогудай бутуңдагы кийимиңен бери чечип, тыкыр көзөмөлдөн өткөрүлүп, консулга аңгемелешүүгө киргенден баштап чыкканга чейинки шаани бир өзгөчө. Ал эми виза алганың сенин бактың болуп, өзүңдү кандайдыр бир жеңишке жетип же бир эрдик жасагандай эрдемсип кетет экенсиң. Консулдук жыйымыңды төлөп коюп, эми АКШга билет алуу жайын караштыра берсең болот. Айтмакчы, азыркы тапта кыргызстандыктар үчүн АКШга беш жылдык мөөнөткө виза ачылып атат.

Менин сапарым дүйнөлүк мегаполис - Нью-Йорк шаарын көздөй болмокчу. Нью-Йоркко чейин самолеттун баасынын арзаныраагын караштырып олтуруп, Азербайжан авиажолдору менен барууга токтолдум. Самолеттун барыш-келиш билетин дароо алышың шарт. Барыш-келиши менен бул 900 доллардай каражат. Ала турган билетиңди шарт ойлонуп, шайдоот чече салбасаң, бир заматта көздөгөн билетиңди кардарларга колдон суурутуп алышың ыктымал. Себеби дүйнөнүн төрт тарабынан интернет аркылуу үйүндө олтуруп алып, сөөмөйүнүн учу менен бир басып, сатып алып кете беришет тура. Ошентип, бирин-экин баасы арзаныраак келген билетти алдырып ийип, Бишкек-Баку-Нью-Йорк багытындагы кезектеги билет колума тийди. Алдын-ала сатып алган билетиңди алаканга салып, “Баку самолетуна бак берсин” деп чемоданды кучактап олтуруп калдым.

Чет жактарга кеткендер кандай белек алпарышат?

Баса, Кыргызстандан баргандар Нью-Йорктогу кыргыздарга жана андагы чет элдиктерге эмне белек алышат? Көз алдыга кол өнөрчүлүк буюмдары, сувенирлери тартылат экен. Улуттук кийимдер да азыркы заман талабына шайкеш келип калды. Ириде биздин экологиялык таза келген кол өнөрчүлүк буюмдарга жетээри барбы? Кол өнөрчүлөр кооз жана чакан кийиз буюмдарды жасап калышкан. Ал эми сувенирлердин катары да мурункудан көбөйүп калганы байкалып турат. Мурда кыргыздын желегин базардан сатып алууга мүмкүн эмес эле. Эми каалаган желек-байрагыңды “Кыялдан”, адистешкен дүкөндөрдөн сатып алсаң болот. Кыргызстандын магнит сувенирлери да ар түркүн. Чет элде биздин ичимдиктерден кыргыз коньягы бааланат экен. Мындан тышкары “Шоронун” куруттары, кургатылган өрүк-мейиз, мисте, жаңгак... Бирок кургатылган өрүк-мейиздердин түрүн, курутту Нью-Йорктун четирээк дүкөндөрүнөн деле тапсаң таң калбагын, таң калсаң деле баары бир башка элдердин ал азыктары даамы жагынан биздикине жете албасын баамдайсың.

Белгиленген күн да келип, Нью-Йоркко жетиш үчүн Баку шаарына чейин түнү менен учуп калдык. Байкаганыбыз Азербайжан аба жолдору минтип төгөрөктүн төрт бурчуна самолетторун учуруп калганын карачы! Баку шаарына чейинки төрт сааттык жолдо азербайжан стюардессалары дегеле эриктирбей алып келет . Аэробуста бардык ыңгайлуу шарттары бар, аба жолдорунун эсебинен авиажүргүнчүлөргө чакан болсо да белеги белен, оозду кургаттырбай, ар кандай түрдөгү суусундугун, момпосуюн, кааласаң арак-шарабын жана таттуулардын түрлөрүн сунуш кылып турушат. Берген тамактары да түр-түрү менен.

Самолет биринчи багытынын соңуна чыгып, Каспий деңизин жээктеп, Баку шаарынын Гейдар Алиев аэропортуна келип конду. Жаңы, азыркы заман шартына ылайыкташкан аэропорттун терминалы дегеле көп экен, кеминде беш-алтоо көзгө чалдыгат. Бакунун ушул жаңы аэропортун Америкадан көрсөм балким таң калбас элем. Бакудан көргөнүмө таң калдым. Ичи –тышы бирдей шайма-шай Алиев аэропортунда эки саатча жүргөндөн кийин бая Бишкектен чыккан аэробуска кайра олтуруп, Нью-Йорк ситиге сапар алдык.

Биздикине окшогон майда жаңы конуш тамдардан өтүп, Каспийди жээктеп, аба жиреп сапарыбызды андан ары улантып бара жаттык. Самолет саатына 300 чакырым жолду басып баратат, Бакудан Нью-Йоркко чейин 5822 миль деген жазууну бет маңдайдагы монитордон окуп калып аттык. Эми 12 саат ушул аэробуста Азербайжан аба жолу менен сапарлаш барабыз. Баягыдай эле тамак-аш, суусундук, арак-шараптарын, белектерин сунуштап, азербайжандык авиатейлөөчүлөр деги жан-алы калбайт. Бир жаздыгын алып келет, бир жамынгычын алып келишет, эркелеп эле аба мейкиндигинде жургүнчү болуп жүрө бер.

...Иллюминатордон булуттарга көз жиберсең, бирде үзүм-үзүм, бирде ак була жайгандай же аппак кардын үстүндө бараткандай, ар башкача көрүнүшү көңүлүңү бурдурат. Бир саат, эки, үч, беш саат... Дагы эле учуп баратабыз. Уйку качат. Самолеттун кайсы жердин үстүнөн учуп бара жатканы монитордон белгилүү. Акыры Атлантика океанынын үстүнө келдик дегенде, океанга, бараар багытыбызга жакындай түштүк окшойт дедим.

...Мына эми, жол жүрүп чаалыккан бизди, авиажүргүнчүлөрдү, Америка Кошмо Штаттарынын Кеннеди аэропорту тосуп алды. Бир кызыгы-биз эми Нью-Йоркко жетип келгенде бир күндү эки жолу баштан кечирет экенбиз. Анткени өз жерибиздин убактысы менен чыгып, кайра ошо чыккан күнү эртең менен Нью-Йоркко жетип келгенибиз мындагы убакыт айырмачылыгы да. Ошентсе да акылың менен аны аңдай албай кетесиң.

Жерге куп конгондо эле кара расадагы аэропорт кызматкеринин желекти желбиретип, самолетту тосуп алганы эле башка континент, башка мамлекетке келгениңди билдирет. Эми аэропортко түшкөндө да, бажы көзөмөлүнөн өткөндө да “Бул Америка!” дегенчелик сүр сезилип тургансыйт. Аэропортко келип түшкөндө эле англис тилин билбегениңен жүдөй түшөт экенсиң, алардын айтканын түшүнбөйсүӊ, же аэропорттогулар орус тилинде сүйлөшпөйт. Самолеттун ичинде англис тилинде сүйлөгөн улгайыңкы айым бар эле. Деги жаны тынбай аэробусту алты айланып басып, күч-кубаты эч бир кемибей келатты эле, аэропортко жеткенде майыптардын коляскасына олтуруп калыптыр, аны кара түстөгү тейлөөчү аэропортту аралатып сүйрөп алыптыр! Көрсө, улгайгандар үчүн атайын ушундай тейлөө кызматы бар экен.

Асман тиреген имараттар

“Салам, Нью-Йорк” киносундагыдай “Хау ту гет ту Брайтон Бич” деп мындагы орус тилдүү Брайтон Бич кварталына барбастан, туристтик агенттиктерден 100 долларга жакын суммага экскурсиялык билет сатып алып, Нью-Йорктун жүрөгүнүн тамыры соккон айтылуу Манхеттен району, Бродвей, 5 авеню, Рокфеллер борбору, айтылуу бийик мунара кулаган жер, Манхэттендеги мен-мен деген дүйнөлүк соода маркаларынын дүкөндөрү, борбордук парк, анан да айтылуу Эркиндик статуясына барбай келсек, Нью-Йорк шаарына баргандай болобузбу! Таңдан кечке экскурсиялык автобус бизди унаага да салып, жөө да бастырып, кемеге да олтургузуп, мегаполистин негизги жайлары менен тааныштырып жүрдү. Асман тиреген, жүз канча кабаттуу имараттарды, тамдарды, жер жайнаган кемелерди, элдерди көргөндө эмнегедир таң калган деле жокмун. Көрө берип, уга берип, Американын бул шаарын түшүмдө деле ушундай элестетип жүрчү элем.

Ырас эле мегаполис шаар менен тааныштыра турган айымды бизге атайын орус тилдүүсүнөн тандап беришет экен. Ал жыйырма жыл мурда Россиядан келген орус аял мурда музейлерде гид болуп жүргөн тажрыйбалуу, жагымдуу айым экен. Нью-Йоркту, англис тилди беш колундай билип калыптыр. Анын айтып бергенине караганда америкалыктар Нью-Йорк деп эле айтпай, Нью-Йорк сити (шаар) деп кошоктоп айтышат. Бул ушундай штаттын да аталышы бар болгондуктан, алмаштырып албасын деген эскертүү белги экен.

Расмий маалыматтарда Нью-Йоркто 8 миллион калк жашайт деп айтылат экен, ал эми расмий эмес жүргөндөрү канча дейсиң! Дүйнөдөгү кайсы улуттун, кайсы мамлекеттин өкүлү жүрбөдү дейсиң, баш-аягы 200 тилде сүйлөшөт. Келген туристтердин агымы да абдан көп, өткөн жылы 54 миллион турист келиптир. Бири тончон, бири ич кийимчен сыяктанган ар кыл, ар түс, ар улут, ар кошкон америкалык калк.

Нью-Йорк бирде шарпылдаган, бирде тыптынч келген Атлантика океанынын жээгинде, Ист Ривер, Хастен Ривер дайра суулары менен коштолуп, көпүрөлөрдүн, порттордун, туннелдердин шаары экенин баамдайсың. Унаага да түшүп, жөө да басып, кемеге да түшүп, айтылуу Эркиндик статуясына да келип жеттик.

Бишкек-Баку-Нью-Йорк-Бишкек

(Уландысы келерки санда)

Айгүл Бакеева

Түп нускага шилтеме : pk.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...