Акыркы макалалар

Мээримдүүлүк менен таш боордук

Мээримдүүлүк менен таш боордук

Мээримдүүлүк менен таш боордуктун

ортосундагы ажырымдын себептери

Баарына маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын 22-январында Орусиянын 1-телеканалындагы В. Малаховдун “Пусть говорят” программасында түркиялык айымдын орусиялык майып баланы төрт жыл керебетте бакканы көрсөтүлдү. Бул окуя бир эле Орусияда эмес, бүт дүйнө жүзүндө чоң талкуу жаратты. Ошол эле кезде Бишкек шаарында 6-февралда өз наристесин төрөп, ажатканага таштап, таш менен уруп өлтүрүүгө аракеттенген кыргыз айымынын абалы КТРКдан көрсөтүлдү. Мына ушул эки окуянын негизинде “Шоокум” журналы эне мээрими тууралуу талкуу уюштурду.

Асылкан Шайназарова – “Жаншерик” аялдарды колдоо жана коргоо бирикмесинин өкүлү

Акылбек Халбеков – котормочу, изилдөөчү, журналист

Улан Усупов – Түркия элчилигинин Дин иштери боюнча кеңешчисинин орун басары

Асылбек Доталиев – Кыргыз билим берүү академиясынын окутуучусу

Асылбек Жоодонбеков – “Шоокум” журналынын илим бөлүмүнүн башчысы

Шоокум: – Улуту, аты-жөнү, жаш курагы, ата-энеси, тууган-уругу белгисиз орусиялык майып жаранды өз баласындай сүйүп, төрт жыл керебетте асырап баккан Гүлсүм Кабадайы менен өз боорунан бүткөн наристесин төрөп, таш боордук менен ажатканага таштап, таш менен уруп өлтүрүүгө аракеттенген Наргиза Жумабаеванын ортосундагы эң чоң ажырымды пайда кылган негизги факторлор кайсылар?

Асылбек Доталиев: – Бул жердеги негизги факторлор – адамды сүйүү жана жек көрүү. Эгер адам үй-бүлөдөн адамдык асыл сапаттарды толук кандуу алса, ал адам ошол чектен чыга албайт. Мени Гүлсүм айым эле эмес, анын үй-бүлөсү да таң калтырды. Балдары апасына чоң колдоо көрсөтүп жатышат. Гүлсүм айымдын тогуз жыл мурун ажырашып кеткен күйөөсү күн сайын келип, Үмүткө эки саат массаж жасап берип жатканы да таң калыштуу. Бул – адамдык асыл сапаттардын асыл өрнөгү. Гүлсүм айымдын ыйманы, дин тутуу маданияты, энелик мээрими, сүйүүсү, мамлекетине, дарыгерлерге, балдарына жана күйөөсүнө болгон ишеними – булардын баары бир бүтүндүктү түзүп, ошого жараша натыйжа берип жатат. Ал эми биздин жараныбыздын аракети өтө кейиштүү. Азыркы учурда мындай иштер күнүмдүк турмушта боло берүүчү адат катары кабыл алынып баратат. Биздин коомдун адамдары абдан кайдыгер болуп баратат. Мына ушул кайдыгерлик Наргизанын таш боордукка барганына түрткү болдубу деп ойлойм. Бул иште Наргизанын да, анын үй-бүлөсүнүн да, анан коомдун да күнөөсү бар. Эң негизгиси, “Биз кантип ушундай абалга келип калдык?” деген суроого жооп издешибиз керек. Биздин коомдо ата-эне кыз баланын тарбиясына өзгөчө маани берчү, эне менен кыз сырдашчу. Бүгүнкү күндө жан дүйнөбүз талкаланып, материалдык дүйнөгө гана көңүл бурулуп калды. Андыктан руханий тарбияны бала бакчадан башташыбыз керек. Биз тек гана илимге ыктап тарбиялап, руханий билимден артта калып калдык. Учурда мектептерде “Адеп” сабагы 8-класска чейин гана берилип, андан кийин өзүнчө предмет катары эмес, адам жана коом, экономика жана укук деп биригип калды да, адеп сабагынын көп жактары кыркылды. Эртең Кыргызстанга кандай адамды тарбиялап чыгарышыбыз керек? Ооба, билимдүү, бирок ошол эле кезде ыймандуу да болушу керек.

Улан Усупов: – Гүлсүм айымдын жасаган иши бир гана Орусияны эмес, дүйнөдөгү бардык адамды ыйлатты. Бул айым тууралуу кино, роман жазса да болот. Адамзатка үлгү болорлук окуя болду. Негизинен боорукерлик менен таш боорлуктун ортосу бир эле кадам. Адам баласын ар тараптан азгырган жин-шайтандар бар. Адам акыркы мүнөттөрдө азгырылып калышы мүмкүн. Наргиза айымдын никеси жок туруп эркекке жакындоонун өзү “зина” (күнөө) болуп саналат. Биринчи катачылык мына ушул жерден кеткен. Наргиза айымдын баласын боюнан алдырбай тогуз ай көтөрүп баласын төрөшү, анын энелик мээриминин бар экендигин, бирок төрөгөндөн кийин ажатканага таштап, анан таш менен урушу энелик мээримди таш боордук жеңип кеткендигин көрсөтөт. Кайсы мезгилде энелик мээримди таш боордук жеңип кетет? Бул суроо мени аябай ойлондуруп жатат. Наргизанын бул иши бүгүнкү күндө коомубуздун абалына жоромол болууда. Бул – жалпы элибиздин, коомчулуктун көйгөйү. Демек, биз адамды адам кыла турган тарбияны жаштарга бере алган жокпуз. Ата-эненин тарбиясы бир гана сөз менен эмес, кыймыл-аракет, жүрүм-турум менен болот. “Мектеп тарбиялайт” деп, мектепке жүктөп койбош керек, сөзсүз түрдө мектеп менен ата-эненин тыгыз карым-катнашы болуш керек. Мектеп таалим гана эмес, тарбия да бере турган мекеме болуш керек. Мектептерде жаштардын арасында өз жанын кыюунун көбөйүшү, жаш кыздардын никесиз кош бойлуу болушу, талап-тоноочулук, рэкетчилик өңдүү көйгөйлөр мектеп курагында башталып жатат. Бул көйгөйлөрдү жоюуга мамлекеттин күчү жетпей жатат. Негизинен коомдун акыл-эстүү катмары, мындайча айтканда, интеллигенциясы болот, бирок ошол интеллигенциянын өзү да чаржайыт абалда. Улуттук руханий дөөөлөттү издектеген жана аны менен исламды биргеликте изилдеген интеллигенция түрдүү агымдарга бөлүнүп-жарылып, бир бүтүмгө келе албай жатат. Ошондуктан коомубузда болуп жаткан көйгөйлөрдү акын сыяктуу жүрөгүбүздөн өткөрүп, терең ойлоно турган убакыт келип жетти.

Исламда эне-бала тууралуу өтө көп нерсе айтылган. Энеге бала аманат болуп эсептелет. Эне – мээрими менен өзгөчө. Мээримдүүлүктү эне менен түшүндүрүп келебиз, бул – чындык. Адам болгондон кийин энеде таш боордук да болушу мүмкүн, бирок балага болгон мээримдүүлүк таш боордукка эч качан жеңилбеши керек. Ошондуктан ар бир кыз бала татыктуу энелик мээрим менен тарбияланышы зарыл. Алгач үй-бүлөдөн, андан кийин чөйрөсүнөн мээримдүүлүктү алышы керек.

Акылбек Халбеков: – Бул окуялардагы мээримдүүлүк менен таш боордуктун ортосундагы ажырымдын негизги себеби “ыйман” дээр элем. Маселен, ушул эки айымдан сурасак, экөө тең “мусулманмын” деши мүмкүн, бирок мусулман адам кандай болушу керек деген суроо туулат. Наргизанын окуясы, ыймандан, динден канчалык ажырап кеткенибизди көрсөтүп турат. Программадагы катышуучу айым: “Бул эмне деген ишеним!” – деп таң кала суктанып жатат. Эгерде Наргизаны ушундай берүүгө алып чыга турган болсо, “Бул эмне деген таш боордук!” – деп, таң калуулар биздин коомчулукка айтылышы мүмкүн.

Асылбек Жоодонбеков: – Бул эки окуянын ортосундагы факторлорду алганда, мен натыйжаларга кайрылар элем. Ошол натыйжаларды пайда кылган себептер эмне деген суроо туулат. Гүлсүм айым айтып жаткандай, ушундай нерсени жасоого түрткү берген эң биринчи өзүнүн жеке ишеними, андан кийин мамлекет. Демек, мамлекет Гүлсүм айымга баласы деп атоого укуктук негиз берип жатат. Андан кийин мекемелер, дарыгерлер жабыр тарткан Үмүттү кандай кароо керектигин Гүлсүм айымга үйрөтүп, Үмүттүн сакайып кетиши үчүн болгон аракетин жасап жатышат. Демек, бул жерде бүтүндүк болуп жатат. Гүлсүм айымдын ушунчалык терең ишеними үйүндөгү бала-бакырасын, тогуз жыл мурун ажырашкан күйөөсүн бир максатка бириктирип жатат. Ал эми Наргиза айымдын жакындары, кесиптештери аны бул иштен токтотуп калышы керек эле. Дагы негизги фактор, ошол наристенин атасы каякта, Наргиза айым эмнеден улам бул ишке барды? Балким, Наргизанын ушундай кадамга барышына эркектин да кайдыгер мамилеси себеп болгондур. Чөйрөсүндөгүлөрдүн кайдыгерлиги... Эң негизгиси, Наргизанын ата-энесинин таасири, Наргиза кандай шартта чоңойгондугу да өтө маанилүү. Анткени энелик мээрим жөнөкөй эле калыптанып калбайт, энелик мээримди көргөн адамда гана энелик мээрим калыптанат. Менин жеке оюмда, өзүнүн кан-жанынан жаралган баланы ажатканага таштап, ал аз келгенсип, таш менен ургулагандык – мээрим көргөн эмес дегендик. Демек, Наргиза – бүгүнкү күндөгү оорулуу кыргыз коомунун оорулуу бир мүчөсү.

Шоокум: – Гүлсүм Кабадайы “Төрт жыл бул баланы багуу күчүн сиз кайдан алдыңыз?” – деген суроого “Жаратканымдан, мамлекетимден, дарыгерлеримден, ошондой эле бардык түрк энелеринен алдым”, – деген жоопту берген. Бул жооптон кандай сабак алууга болот?

Асылбек Жоодонбеков: – Баланы төрөп таштап кетүү жөнөкөй асыресе көрүнүшкө айланып баратат. Коомчулукка коңгуроо кагыш керек. Мамлекетибизде 20 жылдан бери мындай баш аламандыкты абдан көп көрдүк. Ошондуктан кийинки муунду сактап калышыбыз керек, Гүлсүм айым жасаган иш сыяктуу позитивдүү окуяларды жайып, коомду ойготушубуз керек. Учурда коомдо материалдык байлык баалуу дегендер көбөйдү. Жок, ошол эле батыш өлкөлөрүндө, Америкада, материалдык баалуулук жогору турат. Демек, бүгүнкү күндө өнүккөн коомчулук материалдык байлык менен руханий байлыкты чогуу ала жүрүшөт. Демократиялык өлкөлөрдө да диндин өнүгүшүнө колдоо көрсөтүлөт. Ал эми биздин коомдо, мамлекетте бүтүндүк болбой жатат. Мамлекет өзүнчө, коомчулук өзүнчө, ата-эне өзүнчө, мектеп өзүнчө, диний уюмдар өзүнчө, бардыгы баш аламан, бири-бирин көрө албайт, байланыш жок. Ошондуктан ар бир мекеме, уюм, мамлекет, мындайча айтканда, бардыгы адам үчүн, келечек үчүн бирдикте иштеши керек.

Улан Усупов: – Гүлсүм айым: “Бул бала мен үчүн, үй-бүлөм үчүн Жаратканымдын сыноосу. Убагында бардар жашоодо жакшы жашачубуз. Бирок мүлк Жараткандыкы, Ал кааласа берип, кааласа алып коюшу мүмкүн”, – деп жатат. Демек, ал киши бул нерсени терең түшүнөт. “Биринчи ооруканада Үмүттү жолуктурганда “апа, жардам бер” деп көзү айтып жатты”, – дейт. Көз менен көздүн байланышка өтүшү – эң жогорку деңгээлдеги сүйлөшүү. Тил менен айта албаган нерсени көз менен айтышы мүмкүн, себеби исламда адам баласынын руху көз менен дүйнөгө назар таштайт деп айтылат. Мындайча айтканда, көз аркылуу рух сүйлөшүшү мүмкүн. Гүлсүм айым мына ошол нерсени Үмүттүн көзүнөн окуган да, бул Жараткан тарабынан мага берилген милдет экен деп түшүнгөн. Ал эми мамлекетке келе турган болсок, жапондор императорум, мамлекетим, ишканам, үй-бүлөм, анан мен дешет. Жапондор “мен” дегенди 5-орунга коюшат. Ал эми бизде “мен” 1-орунга чыгып жатат. Анан “менге” жараша иш болуп жатат. Мүлк мамлекеттики, эгерде сен мамлекеттин башчылыгына келсең, анда элге кызмат кылыш үчүн келесиң. Сага берилген нерсенин баары – аманат. Алар үчүн жооп бересиң. Ал эми түрктөрдө чын-чынына келгенде мамлекеттик түшүнүк, мекенчилдик өтө жогорку деңгээлде өнүккөн. Гүлсүм айымдын үйүнүн ичиндеги байрактардан деле байкасак болот. Мен өлкөмдү сүйөмүн, мамлекетиме ишенем, ал мени колдойт дешет. Түркия дагы, Орусия дагы жаңы төрөлгөн наристелерди колдоп, жардам берип жатат. Ошондуктан биздин өлкө мындай терс көрүнүштөргө карата кандайдыр бир чара көрүшү керек, коомчулук, уюмдар, фонддор биригип кыздарга ар тараптан кеп-кеңеш берип, семинар, тренингдерди өткөрүп, эне кандай болушу керек, баланы кандай күтүү керек, кантип даярдануу керек дегендей жардамдарды бериши керек.

Асылкан Шайназарова: – Эгер мүмкүнчүлүк болгондо, мен деле тынч үйдө, 10 бала болсо, 10 баланы багып отурмакмын. Бирок андай шарт жок, иштеп, бала багыш керек. Мындай аялдар көп. Муну эч ким тана албайт. Ушул жерде бир окуяны айтып берсем, биздин бир жараныбыз 26 жашында үч жолу эгиз төрөп, 7 балалуу болду. Жардам берели деп, социалдык тармактарга сүрөтүн койгондо эле адамдардын биринчи эле реакциясы “бага албаса, эмнеге төрөйт” деген болду. Акыркы 20 жылда эненин тарбиясын көрбөгөн муун өсүп чыкты. Акыркы статистикалык маалыматтарга караганда, Орусияда мигрант аялдардын ичинен 30 пайызы тажик, өзбек болсо, 60 пайызы кыргыз аялдар экен. Андыктан мындай окуялардын натыйжасы менен эмес, себеби менен күрөшүшүбүз керек болуп жатат.

Шоокум: – “Ишенимдин күчү” менен чексиз энелик мээримдин, сүйүүнүн өрнөгүн көрсөткөн Гүлсүм апага орусиялык жарандар дагы таң калып жатышат. А бирок “Дин адамдын эркиндигине чек коёт, диндин принциптери менен жашоо өтө оор” деген атуулдарыбыз бүгүнкү күндө четтен чыгат. Бул назик маселеде биз эмнеден жаңылып жатабыз?

Улан Усупов: – Эркиндик чексиз нерсе эмес. Башка бирөөнүн эркиндиги башталган жерде сенин эркиндигиң чектелет. Адал менен арамдын чеги бир эле кадам. Ошондуктан адалдыктын чегинде жашаш керек. 21-кылымдагы улуу аалым-ойчул Бедуизаман Саид Нурси: “Адалдыктын чеги адам баласынын ырахат алуусу үчүн жетиштүү”, – деп айткан экен. Мусулман бул дүйнөдө да ырахат алып жашайт. Негизи адам баласы арам менен адалды ажырата алат. Адамга ошондой туура, туура эмести ажырата алуучу акыл-эс берилген. Адам эркин болуп жаратылган. Кудай Таала адам баласына эркиндиктин чегин көрсөтүп берген, анткени чексиз эркиндик деген жок. Анткени коом укук, милдеттердин чектелиши менен жөнгө салынып турат. Адам ыймандуу болгон сайын, эркти бекемдейт. Бүгүнкү күндө жаштардын эң чоң көйгөйү эркинин алсыздыгында. Эрктүү адам ар кандай азгырыктардан, туура эмес жолдордон өзүн тороп, токтото алат.

Асылбек Доталиев: – Жараткан тарабынан, мамлекет тарабынан берилген эркиндик, ошол эле учурда милдеттер бар. Кудай тарабынан берилген эркиндиктин чегинен чыгып кетсек, күнөөкөр болобуз, мамлекет тарабынан кылмышкер болобуз.

Шоокум: – Бүгүнкү күндө кыргыз айымдарында “ЭНЕ” болуу сыймыгынын жоголуп баратышы биздин улуттун чоң трагедиясы болуп саналат. Бул үчүн улуттук, мамлекеттик деңгээлде, ошондой эле жеке жаран катары эмне кылуу керек?

Асылкан Шайназарова: – Социалдык өнүктүрүү министрлиги 2012-жылдын башында жаңы стратегия иштеп чыккан. Ал стратегияга ылайык биздин чоң балдар үйлөрүндө жылына ар бир балага 7 миң сомдон акча коройт экен. Бул акчанын 3 миңдейи балага кетсе, калганы баланы кароого, имаратка ж. б. у. с. нерселерге кетет. Ушул жерде мындай ой жаралат, эгерде ошол 7 миңди ар бир төрөлгөн балага берсе, балким, кыздар балдарын таштабайт беле? Учурда 5 миң сомдук айлыкка бир ай бою иштегендер бар.

Асылбек Доталиев: – Улуттук каада-салттарыбызды, улуттук баалуулуктарыбызды көтөрүп чыгып, жайылтыш керек. Мамлекет социалдык программаларды кабыл алышы керек. Өткөн жылды “Үй-бүлө жана кечиримдүүлүк жылы” деп атадык, бирок көзгө көрүнөрлүк эч нерсе жасалган жок. Жеке жаран катарында кайдыгер болбошубуз керек.

Улан Усупов: – Эне – үйдүн куту. Мамлекет тарабынан идеология иштелип чыгып, анын ичинде эне жөнүндө камтылышы керек. Улуттук баалуулуктарды жандандыруу зарыл. Жаштарга ислам динин жеткирип, туура жашоону үйрөтүү керек. Мамлекет материалдык муктаждыктарды колго алып, коомчулук энеге көбүрөөк көңүл буруп, энени урматтап-сыйлоо керек. Жаран катары ар бирибиз энебизге көңүл буруп, сыйлай алсак, балдарыбыздан бизге ошондой мамиле кайтат.

Акылбек Халбеков: – Мына ушундай көйгөйлөрдү жоюу үчүн жаран катары мамлекеттен бир нерсени талап кылышыбыз керек. Жогорку Кеңеш жылдык бюджетти кабыл алып жатканда эң биринчи кезекте өзүнүн, ак үйдүн муктаждыгын, чыгашаларды эске алат. Биз биринчи кезекте социалдык жактан аз камсыз болгондорго, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармактарына көңүл буруп, алдыга жылдырып бер дешибиз керек.

Асылбек Жоодонбеков: – Тилекке каршы, учурда бизде ондогон министрликтер бар. Бирок үй-бүлөгө таандык атайын мамлекеттин деңгээлиндеги мекеме жок. Менимче, үй-бүлө мамлекеттин эң негизги звеносу болгондуктан, министрликтин деңгээлинде мамлекеттик бюджеттен каржыланган атайын мекеме керек. Ал эмне кылышы мүмкүн? Бүгүнкү күндө элдин саясий аң-сезими калыптанып калды, бирок элдин үй-бүлөлүк маданияты калыптана элек. Ата-эне болууну үйрөтүү керек, тилекке каршы, биологиялык ата-эне болууну баарыбыз билебиз, а чыныгы ата-эне болууну баарыбыз биле бербейбиз. Муну мамлекеттик деңгээлде көтөрүү керек. Муну азыр кыргыз эли намыстанбай үйрөнүшү керек. Ушул багытта атайын дарстарды уюштуруу, китептерди чыгаруу, атайын борборлорду түзүү абзел. Ар бирибиз эне менен атанын ортосундагы эриш-аркактыкты бекемдеп, өз ордубузду, милдетибизди аңдап билүүбүз зарыл. Коомчулук кыз балага аял, эне катары сый көрсөтө алса, мээрим төгө алса, менимче, Наргизадай таш боор энелер чыкпайт.

Талкууну уюштурган Сейитбек Идирисов, Гүлназ Мамытова

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...