Акыркы макалалар

Кыргызстанды шайлоо алдындагы калтыратма каптоодо

Кыргызстанды шайлоо алдындагы калтыратма каптоодо

Кыргызстанда шайлоо башталганга чейин эки ай калды. 2015-жылдын 4-октябрында республиканын тургундары өлкөнүн жогору мыйзам чыгаруучу органындагы 120 орун кимге берилерин чечишет. Жогорку Кеңештин шайлоосу жетишерлик кызуу өтүшү күтүлүп жатат. БШК берген маалыматка таянсак, шайлоого катышуу үчүн 34 партия (30 партия калды- Кабар ордо) арыз берди. Добуш берүү күнүнө жакындаганда алардын саны кыскарышы ыктымал- бир бөлүгү шайлоого коюлуучу күрөөнү төлөй албай калса, дагы бир бөлүгү съезд өткөрө албай калышы ажеп эмес.

Алдыда боло турган шайлоонун фавориттери болуп президенттин КСДП партиясы эсептелет, калган орундар үчүн күрөштө алдыга озуп келүүгө "Ата-Мекен", "Республика - Ата-Журт", "Бүтүн Кыргызстан -Эмгек", "Өнүгүү" партияларынын мүмкүнчүлүгү жогору. Буга чейин келечектүү болуп эсептелип келген "Замандаш" партиясы саясий технологдордун партиянын алган багыты жана саясий программасы жөнүндө жасаган эксперименттеринен кийин кризисти башынан өткөрүп жаткан чак. Каржылык жактан камсыз болгон "Кыргызстан" партиясы күчтүү чыгып келе жатат.

Болжолдуу эсептерге караганда, алдыда боло турган шайлоого 1,3–1,8 млн адамдын катышуусу күтүлүүдө. Партия эң аз шайлоо босогосу болгон 7 пайыздан өтүш үчүн 120 миңдей адамдын добушун алышы керек. Шайлоого биометрия процедурасынан өткөн жарандар гана катышат алышат. Бийлик мындай жол менен добуш берүүдөн улам шайлоо таза өтөт деп ишендирүүдө, ал эми анын каршылаштары бул процедурадан өтпөгөн көпчүлүк кыргызстандыктар бар экенин айтышып, "техниканын иши айкын эмес, жеке маалыматтар корголбой жатат" дешүүдө.

Расмий түрдө шайлоо алдындагы үгүт иштери 4-сентябрдан тартып башталышы керек эле, бирок иш жүзүндө үгүт иштери азыр деле кызуу жүрүүдө. Партиялар жаңы жумушчу орундарды түзүүгө, бала бакча курууга, жакырчылык, коррупция менен күрөшүүгө убадаларды кабаттап берүүдө. Саясий бирикмелер ойлоп тапкычтыгы жагынан мелдешүүдө. Эки партия медиктерди өлкө боюнча калкты акысыз текшерүү үчүн жөнөтүштү, дагы бири - Бишкектин кээ бир караңгы көчөлөрүнө жарык чырактарды акысыз орнотууда.

Акыркы бир нече апта шайлоо алдындагы үгүттүн гана башталышы эмес, саясатчылар жалгыздап же тобу менен бир партиядан экинчи партияга өтүп жатканы тууралуу маалымат менен дагы өзгөчөлөнүүдө.

Декларацияланган идеология, буга чейинки берген убадалар жана союздаштарды тандоодогу тажрыйба "мандаттар үчүн болгон кармашта" эч кандай роль ойнобой калууда. Негизинен каржы, административдик ресурстун бар экени, БШК менен сүйлөшүү жана албетте миңдеген партия мүчөлөрүн мобилдештирүү баарын жогору бааланууда.

Эгерде депутаттыкка талапкер болуп жаткан адамдын дымагынан тышкары эч нерсеси болбосо, ал партиянын тизмесинде орун сатып алышы мүмкүн. Орундун расмий баасын албетте эч ким айтпайт, бирок такталбаган маалыматтарга таянсак, парламентке кирүүгө мүмкүндүгү чоң болгон партиянын тизмесиндеги алгачкы жыйырма орун 250 миң доллардан жогору бааланат. Беш жыл мурда мындай баа үч-беш эсе арзан болгон. Бул бааны партия лидерлерин, анын жакын соратниктери жана паравоз-сүйрөгүчтөр, тактап айтканда шайлоочулар добуш берүүгө даяр болгон белгилүү адамдар төлөбөйт. Буга чейин 2010-жылы өткөн парламенттик шайлоодо дарыгерлер, мугалимдер, маданий ишмерлер көбүрөөк бай жана азыраак таанымал болгон ишмерлерге орун бошотуп берип кала беришкен.

Өзүнүн парламентке шайланып келүү мүмкүндүгүн жогорулатыш үчүн жергиликтүү саясатчылар биримдик түзүп жатышат. Кээде абдан таңкалыштуу биримдиктерди түзүшүүдө. Азыр республикада шайлоо алдындагы түзүлгөн бирикмелерден кыргыз саясий ландшафтынын өзгөчөлүгүн көрүүгө болот. Шайлоого катышуу үчүн жергиликтүү деңгээлде алганда ири каржылык-өнөр жай топторун, түндүк жана түштүк кландарын уюштурушту, өзгөчөлөнүп жүргөн саясатчылар пайда болду.

Артыкча күчкө президентин партиясы болгон КСДП ээ болууда. Американы жактанган либералдарда болсо ажырым байкалууда. Саясатчылардын жана активисттердин аталган тобу парламентке талапкер боло турган бирдиктүү саясий күч түзө алган жок. Кээ бир американы жактаган саясатчылар парламенткте башка партиялардын тизмеси менен өтүп келүүгө аракет кылууда. Ошондой эле исламдык маанайдагы партиялар дагы ушундай жагдайда. Мындай маанайдагы саясий күчтөр кыргыз публикасында бир эки адам менен гана чектелүүдө.

Булак - (NG), Григорий Михайлов

Которгон- "Кабар ордо"

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...