Акыркы макалалар

XXI кылымдын глобалдуу, улуттук, инсандык көйгөйү

XXI кылымдын глобалдуу, улуттук, инсандык көйгөйү

XXI кылымдын глобалдуу, улуттук, инсандык көйгөйү,

аларды өз ара шайкештикте чечүүнүн жолдору

Катышуучулар:

Жамгырбек Бөкөшев – Философия илимдеринин доктору, профессор

Эмил Үмөталиев – “Кыргыз Консепт” компаниясынын президенти

Тууганбай Коңурбаев – Психология илимдеринин кандидаты, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин проректору

Гүлайым Жумабаева – Кыргыз билим берүү академиясынын улук илимий кызматкери

Шоокум: – Биздин убак башка эле, биз бала кезде тигинтчү элек, минтчү элек деп ар бир улуу муун кийинки муунга бир чети насаат айтса, бир чети нааразылыгын билдиргендей учурлар бар. Учурда жаштарга, адамдарга коюлган талаптар кандай?

Жамгырбек Бөкөшев: – Биз студенттер менен иштешкендиктен, мындай нерселерди көп айтпайбыз. Себеби биз алардын ой-санаасы менен таанышпыз. Азыркы кыргыз жаштарын алып карап, алардагы мүнөздүү өзгөчөлүктөрдү атай турган болсок, аларды жакшы кирешелүү иш таап кетүү чоң түйшүккө салган нерсе болуп саналат. Учурда окуган жаштар үчүн чоң мүмкүнчүлүк ачылды. Азыр Кыргызстанда туруп эле дүйнө чарпындагы ар кыл маалыматтарга ээ болуп, өзүн ар тараптуу өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк алууга болот. Жаштардын арасында бул мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, мыкты жетишкендиктерди жаратып жаткандар да бар.

Тууганбай Коңурбаев: – Б. з. ч. V кылымда ташка чегилип жазылган бир философтун пикирин окушса, “Азыркы жаштар бузулуп баратат” деген сөз жазылган экен. Эгерде ошол мезгилден бери улам кийинки муун бузула берген болсо, эбак эле жер бетинен адамдын тукуму жоголуп кетмек. Ар бир коомдун талабы бар. Азыр баалуулуктар алмашып жаткан заманда жашап жатабыз. Азыркы жаштарда прагматикалык көз караш күчтүү болуп, улуттук баалуулуктарга, салттарга маани берилбей жатат. Социалдык-экономикалык кескин өзгөрүүлөрдүн мезгилинде ар бир улут өзүнүн улуттук баалуулуктарын, салт-санаасын сактай албаса, жок болуп кетерин окумуштуулар белгилеп отурат. Бул маселеге интеллигенция, улуттук стратегиялык саясатты иштеп чыгуучулар жана жалпы калк маани бериши зарыл.

Гүлайым Жумабаева: – Азыркы күндө кыргызстандыктардын негизги проблемасы – ар кыл секталардын жайылышы. Алар бири-биринин пикирине толеранттуу мамиле кыла албаган, башкаларды жериген жаштардын келип чыгуусуна салым кошуп жатышат. Андан тышкары окуу жайлары, мисалы, КРСУда окуган студент менен Чыгыш университетинде окуган студенттер бири-бирин такыр түшүнө алышпайт, кабылдашпайт дагы. Ошол эле мезгилде орус, кыргыз мектептеринде балдардын арасында бири-бирин теңсинбөө, эрегишүү сыяктуу көрүнүштөр бар.

Шоокум: – Эмил мырза, айтсаңыз, акыркы мезгилде кыргыз эли кандай өзгөрүүлөргө учурады, азыркы күндө эмнеге артыкчылык бериши керек?

Эмил Үмөталиев: – Кыргыз элинин тарыхында эң чоң өзгөрүү бир жарым кылым мурун орус падышалыгы кыргыз элинин жерин тартып алуусунан башталган. Мен өлкөбүздүн ар кыл аймактарына барган мезгилде “1917-жылы эмне болду эле?” деген суроону берем, элдин дээрлик көпчүлүгү советтик пропаганданын терминологиясы менен “революция болгон” деп жооп беришет. Менин оюмча, Совет бийлиги келген да, элдин мүлкүн тартып алган. Аны менен катар демилгесин, ишкердигин, эгемендигин жана жерин тартып алган. Эң негизгиси, укуктарынан ажыраткан. Акырындап отуруп элдин жок болуп кетүү коркунучу жаралган. 1990-жылдардагы өзгөрүүнүн шарапаты менен эркиндигибизди кайтарып алдык. Бирок экономикалык, социалдык эркиндиктерге толук ээ боло албай жатабыз. Ар кыл тоскоолдуктар, өлкөдөгү коррупциялык механизмдер элдин эркиндикти толук кандуу колдоно албай жаткандыгынан улам өсүп-өнүгүп жатат. Эл өз алдынча аракет кылбастан, дагы эле болсо мамлекеттин, чет өлкөлүк донорлордун көзүн карап, буйрук же идея күтүп, кыйналып жатат. Айрымдардын ишти баштоого акылы жетип калды, бирок кийинки кадамды таштаарда, кайра эле: “Жардам бербейсиңерби?” – деп жогору жакты карап калышат. Бул – кулдук аң-сезимден толук кандуу кутула албагандыктын кесепети. Буга Совет мамлекети көндүрүп койгон, өз алдынча кадам таштагандан корккондор да көп. Ошол эле учурда мамлекет башчылары да “биз билек түрүнө иштейли” дегендин ордуна “биз сурайбыз, кайрылабыз” деген терминдерди колдонушат. Бул көрүнүштөр мамлекеттик деңгээлге чейин кулдук аң-сезимден чыга албай жаткандыгыбыздын далили болуп саналат. Кыргызстан үчүн бул эң актуалдуу көйгөй болуп саналат.

Жамгырбек Бөкөшев: – Эмил мырзанын айткандары абдан актуалдуу, жеке ишкер катары өз жон териси менен сезген нерселер. Менин оюмча, акыркы 10 жылдыкта жаштар рынок экономикасынын механизмдерин абдан майнаптуу колдонуп, бүгүнкү күндө ишкердикти ийгиликтүү жүргүзгөн жаштардын өкүлдөрүнүн саны барган сайын артып баратат. Ошондуктан кыргыз элинин ийкемдүүлүгү менен өнүгүү жолуна түштүк деп ишенимдүү айтууга болот.

Глобализацияны мен өз түшүнүгүмдө туташкан дүйнө деп атаймын. Азыркы күндө биз постглобалдык мезгилде жашап жатабыз. Дүйнө туташып бүттү, эми жаңы этап башталды. Глобалдашкан дүйнөдө үч технологиялык баскычтан өтүшүбүз керек. Биринчиси – маалымат технологиялары, интернет. Булардын терс жактарын көрө билип, нравалык баалуулуктарды жоготпошубуз керек. Экинчиси – биотехнология, азыр генетикалык деңгээлде өзгөртүүлөрдү киргизсе боло тургандай болуп калды. Үчүнчүсү – саясий технологиялар, азыркы мамлекеттер мурунку мамлекеттерге окшошпойт. Саясий технологияларды колдонуу менен тигил же бул мамлекетте революция жасап, жок кылып коюуга болот. Ушул шартта биз элдүүлүгүбүздү сактап, ата-бабабыз кылымдар бою чогултуп сактап келген руханий баалуулуктарыбызды коргошубуз абзел.

Тууганбай Коңурбаев: – Акыркы 100 жылдын ичинде эле кыргыз элинде чоң үч өзгөрүү болду, алар: 1917-, 1941-, 1945-жылдар, андан кийин 1990-жылдардагы кескин бурулуштар. Ушул убактарда эл өзүн сактап калуу үчүн генетикалык коддорун иштетет экен. Ушундай оор кырдаалдарда биздин эл үчүн руханий баалуулуктар негизги орунда турарын көрсөттүк. Азыркы күндө элди баштап кете турган чыныгы лидерге болгон талап күч. Биз Кыргызстанды адамгерчилик менен башкаруу системасын сунуштап жатабыз. Азыркы күндө Кыргызстанда мекемелердин башчылыгына өз кызыкчылыгынан элдин кызыкчылыгын жогору койгон, адамгерчиликтүү, өзүнүн жүрүм-туруму менен калкка өрнөк болгон адамдар келмейин, биз оңолбойбуз.

Шоокум: – Акыркы 20 жылдын ичинде коомчулукта бир нече жолу көңүл калуулар болду. Аскар Акаев – академик, көптү билген көсөм, ошол киши бизди жакшы заманга алып келет деп абдан үмүттөндүк эле, тилекке каршы, андай болгон жок. Андан кийин интеллектуалдык багажы бөксө болсо мейли, чарбакерлиги керек деп Курманбек Бакиевге жол бошоттук эле, ал өлкөнү криминалдык-кландык абалга алып келип такады. Дагы деле болсо эки жагыбызга каранып лидер издегендей болобуз. Деги бизди туңгуюктан алып чыга турган негизги фактор кайсы?

Гүлайым Жумабаева: – Коомдук аң-сезимдин жогорулашы азыркы күндө коомдун өсүп-өнүгүшүнө таасир эте турган негизги фактор болуп саналат. Лидер өзүнөн-өзү чыкпайт. Жаштардын аң-сезимин мектептин, башка окуу жайларынын деңгээлинде өнүктүрүү зарыл. Ал алардын дилинин тазарышына алып келет, дили таза адамдар гана коомдун мындан ары өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет. Адамдын дилин дин аркылуу гана тазартууга болорун биз түшүнө албай жатабыз. Ошондуктан мен жаштарга туура тарбия берүүнү 1-орунга коём.

Эмил Үмөталиев: – XX кылымга чейин көп мамлекеттер дин аркылуу башкарылып, диндин таасири күчтүү болгон. XX кылымда Ленин, Сталин, Мао Цзе Дун, Ким Эр Сен, Гитлер аттуу адамдар чыкты. Бул адамдар динди четке кагып, бирок өзүнүн идеяларына элди динге ишендиргендей ишендиргенге аракет кылышты. Ар кыл мөөнөттө булар элдин башын айландырып ийгиликке жете алышты, мисалы, Ким Эр Сендин идеялары Түндүк Кореяда дагы эле болсо жашап келет. Бул системаларды дин менен монархиянын аралашмасы деп айтууга болот. Тилекке каршы, арабызда бир адамдын таасирине ишенип, ага кудайдай мамиле кылгысы келгендер бар. Бул – чоң жаңылыштык. Мен Мубарактын тушунда Египетте болгом. Эртеби-кечпи революция болорун сезгем. Буга көзү ачыктыктын кереги жок. Алардын кирешелери үч булактан турат экен. Алар: Суец каналы, пирамидалар жана кара май. Суец каналын өз кезегинде Американын акчасына жапондор куруп беришкен. Пирамиданы болсо байыркы адамдар курушкан, ага азыркы египеттиктердин өтө аз сандаган өкүлдөрүнүн гана ата-бабаларынын катышы болушу мүмкүн. Үчүнчүсү – кара май. Ал болсо жаратылыш байлыгы, жерден чыгат. Бирөөсү да алардын акылы, колу менен жасалган эмес. Көчөлөрүндө машиналар мал түртүшкөндөй түртүшүп жүрүшөт.

Биз конституция менен жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Адамдардын тажрыйбасынын негизинде иштелип чыккан негизги законду сактап кастарламайын, биз кыйнала беребиз. Биз негизги мыйзамды кабыл алып койдук дагы, унутуп калдык. Конституцияны ар бирибиз, керек болсо, жатка айта алышыбыз керек.

Тууганбай Коңурбаев: – Азыркы күндө Кыргызстанда мектептеги окуу жүктөмдөрүн азайтып, мазмундук жактан жаңылоо маселеси жаралып жатат. Балдардын компетенттүүлүгүн камсыздоо зарыл. Кыргызстанда балдарды эмгектенүүгө үйрөтүшүбүз керек. Проблемалардын өзөгү элдин эмгектене билбегендигинде болуп жатат. Мисалы, ошол эле жогорку окуу жайында иштеген мугалим сабагын бергенден тышкары өзүнүн үстүнөн иштеши керек, айрым мугалимдерибиз 1-2 сабакты берүү менен эле чектелип калбашы керек.

Жамгырбек Бөкөшев: – Азыркы күндөгү оор кырдаалдардын бири – жакыр адамдар. Өзгөчө билим берүү тармагында мыкты адистерди чыгаруу менен катар адамды тарбиялоо маанилүү болуп турат. Биз башкаларды туурабастан, өз акылыбыз менен иш жүргүзгөндү үйрөнүшүбүз керек.

Дагы бир маселе, ар кимибиз өзүбүз иштеп жаткан тармактарда жоопкерчиликти алууну үйрөнүшүбүз керек. Биз ар кандай шарттарда туура эмес иштерди жасап, анан шылтоо издеп таба берсек, өнүкпөйбүз.

Эмил Үмөталиев: – Акыркы кылымда дүйнө жүзүндө эки түрдүү билим бергендер бар, биринчилер жаттоо аркылуу билим алышса, экинчилер ой жүгүртүү аркылуу билим алышат. Алар мээсин машыктырышат. Аны сынчыл ойлом, альтернативалык ойлоо сыяктуу аталыштар менен атап келишет. Демократияны, адам укугун жогору койгон өлкөлөр жогорку деңгээлде өнүгүп жатышат. Совет доорун баштан өткөргөн өлкөлөрдө акыркы 40 жылдын ичинде экономикалык, интеллектуалдык чоң кризистер болуп келе жатат. Акыркы 40 жылдын ичинде бул өлкөлөрдөн бир дагы дары, машина, азыркы элдин жашоосун жеңилдете турган тетик да чыккан эмес. Мына биз бири-бирибиздин колдонгон буюмдарыбызга карап көрөлүчү, кийимдерибиз, айдаган машиналарабыз, телефондорубуз – булар мурдагы советтик өлкөлөргө башкалардан келген. Демек, биз өзүбүзгө суроо беришибиз керек: Алар мындай жетишкендикке кантип жетишип жатышат? Алар кандай билим алышты? Биз ошону үйрөнбөй жатабыз.

Шоокум: – Ашыкча либералдык баалуулуктар менен жашаган адамдар руханий баалуулуктарга маани бербей, жеке кызыкчылыктарын гана коргогон мерез болуп калышат деген пикирлер бар, буга кандай карайсыз?

Эмил Үмөталиев: – Руханий байлык билим берүү менен бирге келе жатат. Демократия өнүккөн өлкөлөрдө диндин, адам укугунун сакталышына маани берилет. Ал эми авторитаризм, тоталитаризм өнүккөн өлкөлөрдө, тескерисинче, бир диндин монополиясына жол берилет же дин таптакыр жокко чыгарылат. Ошондуктан демократия дегенде биз илим менен билимдин өнүгүшүнүн натыйжасында коомдун ар тараптуу өнүгүүсүн сөз кылып жатабыз.

Шоокум: – Урматтуу талкуунун катышуучулары, азыркы күндө мамлекет, коомчулук, жеке адам эмне кылышы зарыл? Сиздер серепчи катарында кандай сунуштарды берер элеңиздер?

Жамгырбек Бөкөшев: – Мамлекеттин башындагы адамдар болобу, катардагы адамдар болобу, патриоттук сезими күчтүү адамдарга чоң муктаждык бар. Экинчиден, бүгүн эт менен челдин ортосунда жүрө берген жарабайт. Өз тармагында күчтүү адистер керек. Алар эл аралык деңгээлдеги адистер менен теңтайлашып, өздөрүн жогорку деңгээлде такшалтышы керек. Андан кийинки маанилүү сапат – прагматизм. Мамлекеттик мекемелер элдин ишенимин кайтарышы керек.

Тууганбай Коңурбаев: – XXI кылымдын негизги модели адам-адис деген компоненттен турушу керек деген ойдомун. Азыркы күндө жакшы адистер бар, бирок адамдык сапаттары жогорку деңгээлде эмес же тескерисинче.

Андан тышкары биздин жетекчилер жеке кызыкчылыктын деңгээлинен жогору көтөрүлүп, мамлекетти ойлоно билиши зарыл. Азыркы күндөгү жетекчилердин дээрлик көпчүлүгү, тилекке каршы, кландын, уруунун деңгээлинде гана ой жүгүртүп жатышат. Элдин байлыгына кол салып, бала-бакырасын багып жатышат, арам акча балдарына жукпайт, зыяны тиет. Арам тамакты жеген балдардын каны бузулат. Ошондуктан жетекчилер көрөгөч, элдин кызыкчылыгын 1-орунга койгон адамдар болушу керек.

Гүлайым Жумабаева: – Балдардын руханий тарбиясына өзгөчө көңүл бурушубуз абзел. Биз тарбия аркылуу балдардын ар тараптуу өнүгүшүн камсыз кылып, коомдук аң-сезимди позитивдүү нукка бура алабыз.

Эмил Үмөталиев: – Мамлекет конституциянын негизинде иштеши керек.

Коомчулук пропагандага алдырбастан, дүйнөлүк илим, билим кайсы өлкөлөрдө өнүгүп жатса, аларды тартынбастан үйрөнүү зарылдыгы бар.

Жеке адам дүйнөлүк чет тилдерди өздөштүрүп, маалыматтарды чектелген бир жактуу гана булактардан албастан, ар кыл булактардан ала билүүсү өтө маанилүү.

Жаңы технологиялардан артта калбастан, аларга ээ болуу керек.

Акчага жалынып, сыйынбаш керек. Аны өлчөй турган каражат катары карап, аны менен иштей билүү керек.

Талкууну уюштурган Асылбек Жоодонбеков

№3(79),март,2013-жыл

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...