Акыркы макалалар

Бел омуртка грыжасын толук айыктырууга болот

Бел омуртка грыжасын толук айыктырууга болот

Акыркы кезде грыжага кабылган жарандар көбөйгөн. Адистердин айтымында, бел омуртка грыжа түрү басымдуулук кылат. Нейрохирург дарыгери Назарбек Гапыровдун айтымында, жыл сайын грыжа дартынан 170 бейтапка операция жасалса, алардын ичинен 80 пайызы бел омуртка грыжасы. Бел омуртка грыжасын укалоо жана элдик медицина менен айыктырууга мүмкүн эмес.

- Акыркы күндөрү "грыжам бар экен" дегендер күн санап көбөйүүдө. Ушунун баары биз анча көңүл бурбаган омуртканын оорусунан улам келип чыгат дарт экен. Бүгүнкү «Дабагер» уктуруусунда грыжа оорусунун алдын алуу жана дарылоо жолдору тууралуу нейрохирург-дарыгери Назарбек Гапыров менен кеңири маек курдук.

- Акыркы жылдары жаштарды айтабызбы же улуу муунду айтабызбы көпчүлүгүнөн "грыжам бар" дегенди угуп калдык. Негизи эле грыжа деген эмне?

- Грыжа – адамдын омуртка тутумундагы кемирчектин оорусу болуп саналат. Ал остеохондроздон улам пайда болот. Остеохондроз деген омурткалардын ортосундагы кемирчектерде зат алмашуунун бузулушунан келип чыгат. Мисалы, компьютерде көп олтуруп, бир ордунда жылбай олтурган адамдын омурткаларында зат алмашуу бузулуп зыян тартат. Эгерде моюн, бел омурткаларында остеохондроз болгон болсо кемирчек зыян тартат. Жети моюн омурткасы бар. Ошолордун ортосунда пайда болгон кемирчектер моюн омурткасынын грыжасы деп аталат. Беш бел омурткасы бар. Ошол бел омурткасында кемирчек чыгып кетсе бел омурткасынын грыжасы деп аталат.

-Грыжанын дагы түрлөрү бар деп айтылат экен. Ошолорго токтолуп кетсеңиз. Ошондой эле кайсы түрү көп катталууда?

-Негизи бел омурткаларындагы грыжа, моюн жана көкүрөк омурткаларынын грыжасы болуп бөлүнөт. Алардын арасынан бел омуртка грыжасы менен кайрылгандар басымдуулук кылат. Андан кийин моюн омурткасынын грыжасы. Классификациясы боюнча эң көп грыжанын өзү менен келгендер. Негизи эле акыркы 10 жылда грыжа оорусуна чалдыккандар көп. Себеби учурда бул илдетти аныктоого бардык шарттар бар. Мурун бул илдетти көбүнчө радикулит деп аташчу. Ошондуктан мурунку жылдарга караганда азыр грыжаны так аныктоодон, көп чыгып жатат. Жылына бизде 170дей операция жасалат. Алардын арасынан 80 пайызы бел омурткаларындагы грыжага жасайбыз.

- Грыжанын пайда кылчу себебтерин айтсаңыз?

- Азыркы учурда кара жумуш менен иштегендер көп болууда. Ошондой эле туура эмес тартипте иштеп жатабыз. Бул деген убакыт-саатына көңүл буруу деген жок. Анан оор жүктөрдү туура эмес көтөрүп, физикалык жактан кыйналган кезде көп пайда болот. Ал эми жаштарда кыймыл жок болуп калды. Спорт менен машыгуу деген түшүнүк жоголуп барат. Тигүү цехтерде, компьютерде кечке олтурушат. Ошол мезгилде омурткага салмак көп түшүп, грыжаны пайда кылат. Кыймылдын жоктугунан семирүү дагы көйгөйгө айланды. Бул дагы грыжаны пайда кылуучу фактордун бир себеби десек болот.

- Грыжасы бар бейтаптардын басымдуу бөлүгү өтүшүп кетиптир, билбей жүрө бериптирмин дешет. Бул илдетке чалдыккандарда кандайдыр бир белгилерин байкаганга болобу?

- Башталган кезде эле байкаганга болот. Алгач бели ооруйт. Дарыгерге кайрылбай жүрө берсе, буттары ооруп баштайт. Буттун арткы тарабынын тарамышы тартышып ооруйт. Айтылгандар байкалганда эле адиске кайрылуу зарыл. Моюн омурткадан кармаган грыжа болсо, адамдын колдору чымырап, уюп, талып, көтөрүлбөй, баш оорусу күчөйт. Эки колдун эти шылына баштайт.

Көкүрөк омурткадагы грыжадан улам жүрөк кысылат. Эгерде кардиологго кайрылууда жүрөк таза чыкса, анда туура так диогноз коюлуп, невропатолог дарылайт. Андыктан компьютердик томографиядан өткөндөрү туура. Бел омурткасындагы грыжа үч этап менен өтөт. Кысылган нервден улам бутка кан аз кетүү, башкача айтканда кан аркылуу азык өз өлчөмүндө жеткирилбей бут арыктап, сөөктөр кичирейет. Кургап, өзгөчө буттун баш бармагы жансыз боло баштайт. Бут, бел, жамбаш сөөктөр ооруйт. Жыныстык жактан, сийдик бөлүп чыгаруу органдары жабыр тартат. Бели ооругандар бөйрөгүм деп ойлонуп урологго баргандар да болот. Ал дарылануудан 4-5 жылга чейин басылып калат да, бул аралыкта бутка түшүп, нерв кысылып анан баспай калууга, майыптыкка алып келет.

- Ийне сайдыруу же болбосо укалоо (массаж) жолу аркылуу грыжа илдетин айыктырса болот дегендер бар. Сиз буга дарыгер катары эмне дейсиз?

- Чындыгында бейтаптар, ийне сайдырып, укалоо алып жана табыптарга барып олтуруп, убакытты өткөрүп анан бизге келишет. Укалоо жолу аркылуу грыжаны кетирүү кыйын. Бул ыкма убактылуу жардам бериши мүмкүн. Грыжа жүлүндүн каналына чыгып калгандан кийин грыжа укалоодон кетпейт. Ошондой эле костоправтар бар. Алар укалоо жолун катуу колдонушат, айрым кезде кайра грыжа жоголбой эле пайда болуп калат. Ошондуктан алгач так аныктап, анан дарыгерге кайрылыш керек. Ошого карап адистер, дарылоо ыкмаларын сунушташат. Жаңыдан пайда болуп жаткандарга көнүгүү жасатып, айыктырса болот. Ал эми өтүшүп кеткендерге бир гана операция жасоо зарыл болуп калат. Бирок, элдер операция жасатуудан коркушат. Майып болуп, төшөктө көп жатып калам деп. Бул түшүнүк туура эмес. Учурда заманбап методдор боюнча операцияларды жасап жатабыз. Бейтаптарды үч күндөн кийин эле бутуна тургузабыз.

- Бул илдеттин алдын алуусу тууралуу айтсаңыз?

- Ашыкча толук болбоого аракет кылуу керек. Оор нерсе көтөргөндө эки колго тең, бирдей салмактагы жүк көтөрүү зарыл. 20 кгды бир эле колго көтөрүүдөн улам ийрейип, бел омурткасына күч келет.

Мончо, сауналарда ысыктан тез муздак абага чыга калганда да булчуңдардын тырышып калуусунан пайда болот.

Кургатылган жер-жемиштер, колго кайнатылган кампот-соктор пайдалуу. Эң биринчи орунда биз дене тарбиялык көнүгүүлөрдү жасатып дарылоого көңүл бурабыз. Адамдар ар дайым кандай жумушта иштебесин кыймыл-аракетти көбүрөөк жасап, жогоруда айтылып кеткен кеңештерди туура жасап жүрсө бул оорудан алыс боло алат.

Автор: Мунара Турдубаева

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Пикирлер

  • @ 05.01.2019 @ 21:04

    Саламатсыздарбы,менде грыда пайда болуп ооруп баштады. Кайсыл жерге барып корунсом болот. Кучтуу грыжа боюнча билген врачтар болсо барып корунсом жакшы эле. Ким менен байланышсам болот.Тел:0705-907890

  • @ 21.01.2019 @ 16:05

    Саламатсыздарбы? Сиздер менен кантип байланышса болот?

  • Admin @ 18.03.2019 @ 11:59

    Бул материалды Марал ФМ радиосунун кабарчысы Мунара Турдубаева даярдаган болчу. Ал аркылуу сураштырып таап көрсөңөр болот. Радионун телефондору: +(996) 312 68 06 05 +(996) 312 90 86 25 +(996) 312 68 06 06 +(996) 552 68 06 06 +(996) 312 90 86 27