Акыркы макалалар

ЖАРАНДАР КЫРГЫЗ ТИЛИН БИЛҮҮ ДЕҢГЭЭЛИН ӨЗ АЛДЫНЧА ТЕКШЕРЕ АЛЫШАТ

ЖАРАНДАР КЫРГЫЗ ТИЛИН БИЛҮҮ ДЕҢГЭЭЛИН ӨЗ АЛДЫНЧА ТЕКШЕРЕ АЛЫШАТ

Бул тууралуу 6-августта Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын алкагында иштеп чыгарылган “Кыргызтест” Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча отчетунун бет ачарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Темир Джумакадыров “Жарандар кыргыз тилин билүү деңгээлин өз алдынча текшере алышат, ал эми “Кыргызтесттин” сертификаты жумушка орношуу, окуу жайларына тапшырууда зарыл шарттардан болуп калат”,-деп билдирди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдады.

Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча Улуттук программага ылайык 2018-жылга карата бардык мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик, орус жана бир чет тилди билүүсү абзел. Мында мамлекеттик тилди билүүдөгү милдеттүү минималдуу деңгээли (А1, А2/В1,В2/С1,С2) иштелип чыгарылгандыгы, “Кыргызтестти” сыноодон өткөрүүнүн жыйынтыктары жана эки сөздүк даярдалып, басмадан чыккандыгы жөнүндө маалымат берилди. Ошондой эле ушул программаны ишке ашыруунун алкагында КРнын Билим жана илим министрлиги тарабынан 20 кишиге ылайыкташкан, атайын керектелүүчү техникалар жана видеобайкоочу камералар менен жабдылган класс ачылган.

Ушул жылдын май-июль айларында 16 министрликтен 260 кызматкер “Кыргызтест” системасы аркылуу мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган компьютердик тесттен өтүшкөн. Учурда жарандардын тестке жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында тестти онлайн режимине которуу боюнча иш жүрүүдө.

Түп нускага шилтеме : www.aymak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...