"Бир Бол" жана "Кут" саясий партиялары өздөрүнүн бириккендиги жөнүндө билдиришти. "Кут партиясынын мүчөлөрү "Бир Бол" партиясынын тизмеси боюнча парламенттик шайлоого катышмакчы.
Эскерте кетсек, "Бир Бол" партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов болуп саналат, ал V чакырылыштагы парламентте "Республика" фракциясынын өкүлү болгон. "Кут" партиясынын төрагасы -Темирбек Эркинов.
Эскерте кетсек, учурда баардыгы болуп шайлоого катышууга 34 партия арыз берди. Парламенттик шайлоо 4-октябрда өткөрүлөт.
Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg
Азырынча бир да пикир жок...