Акыркы макалалар

Таза суу – өмүр булагы

Таза суу – өмүр булагы

БУУнун 2000-жылкы отчетуна ылайык 2025-жылга карата Жер планетасында жашаган үч жарандын экөөсү керектүү деңгээлде суу менен камсыздалбаган аймактарда жашайт. Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү 29 өлкөдө 450 миллион адам суунун жетишсиздигинен жапа чегет. Таза суу менен камсыз кылуу жана санитария учурдун негизги маселелеринин бири. Фискалдуу булгануунун натыйжасында суунун сапатынын төмөндөшү ар кандай оорулардын пайда болушунун негизги себеби. Окумуштуу адистер булганган суу дүйнөдө 1 миллиарддан ашык адамдын ден соолугуна таасирин тийгизип келерин белгилешет. Мындай көрүнүштөрдөн Кыргызстан да алыстай элек. Географиялык жактан Борбор Азиядагы суусу мол (дарыя суулары 44 млрд. м3, жер астындагы суунун запасы 13 млдр. м3, көл суулары 1745 млдр. м3 түзсө, мөңгүлөр 650 млдр. м3) өлкө катары эсептелсе дагы калкты суу менен камсыз кылуу жагынан маселе курч бойдон. Бүгүнкү күндө республиканын 1200 айылында таза суу тартыш болсо, 650 айылда таптакыр жок. Мунун айынан жергиликтүү калк ар кандай булактардан, агындылардан аккан сууну ичүүгө аргасыз болуп, түрдүү ооруларга чалдыгышат. Мисалы Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагынын жашоочулары Ак-Буура дарыясынын суусун ичишет. Ага чейин аталган дарыя Ошту, Жапалак, Учар айылдарын аралап, ал жерлердин акыр-чикирин, дааратканаларынын курамын кошо ала келет. Бул тууралуу “Кыргыз-Туусу” гезити (2013-жыл 31-май, №41) жазып чыккан. Бул жерден жашоочулардын өздөрүнүн да жаратылыш байлыгына кылган жосунсуз, ырайымсыз мамилесин белгилеп кетүү керек.

Атап өткөн мүчүлүштүктөрдү жоюу үчүн республикалык масштабда бир канча программалар, долбоорлор иштелип чыгып, дүйнөлүк финансы донорлоруна кайрылуулар жасалган. Алардын бири “Таза суу” проектиси Азия өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банк тарабынан колдоого алынып, 69,5 миллион АКШ доллары бөлүнгөн. Тилекке каршы кыргыз чиновниктердин акча каражатын жосунсуз коротконунун айынан 2012-жылы аталган долбоордун иши токтоп калган. Буга байланыштуу АРИСтин ошо кездеги аткаруучу директору Эльмира Ибраимова мындай деген: “Донорлор тарабынан жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгы подрядчиктердин суу түтүктөрүн оңдоодо жана жаңыландырууда көптөгөн кемчиликтерге жол беришкенин көрсөттү. Чыгымдар кыйла суммага жогорулатылган, куруунун нормалары, эрежелери бузулган, жаңыларынын ордуна эски шаймандар колдонулуп, түтүктөрдү жайгаштыруу технологиясы сакталган эмес. Проектировщиктердин да күнөөсү бар. Жыйынтыгында бөлүнгөн акча каражаттары коротулуп, өлкөнүн көптөгөн айылдарына суу жетпей калган. АЭБ өткөргөн аудит дагы кыйла эреже бузууларды ачыктап, алдоолор дагы орун алганын белгилешкен. Мисалы, жаңы насос орноттук дешкени менен ал 1986-жылы жасалганнасос экени аныкталган”. http://www.paruskg.info/

Ал эми КСДП фракциясынын мурдагы депутаты Эгемберди Эрматов: “Таза суу” долбоору менен иштеп жаткан адамдар ошол убакта миллионер болуп кетишкен. “Таза сууга” бөлүнгөн акчага алар заңгыраган тамдарды куруп алышканын, керек болсо арык казууга сатылып алынган тракторлор өздүк менчикке өтүп кеткен”, – деп айткан. (КырТАГ 2012-жыл 25-июль).

Бул бир гана кемчилик эмес. Кыргызстанды өнүктүрбөй кармап турган жердешчилик, тууган-туушкандык көрүнүшү бул жерде да орун алган. Айыл жергесиндеги таза суу колдонуучулардын биримдигинин төрагасы Асанбай Пазыловдун белгилегенине караганда, долбоордун алкагына жогору жакта тааныштары бар айыл өкмөттөрү гана кирип калган.

Өкмөттүк деңгээлде кызуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында долбоор жанданып, Айылдарды таза суу менен камсыз кылуу департаментинен АРИСтин көзөмөлүнө өткөрүлүп берилген. Ал “Таза суу” долбоорунун алкагында “Айылдарды таза суу менен камсыз кылуу жана санитария 2” проектиси менен жанданып, ишмердүүлүгүн 2014-жылы жыйынтыктаган.

Муктаров Арстан Кеңешович, АРИСтин аткаруучу директорунун орун басары:

“2009-жылы эл аралык донорлордун колдоосу менен “Таза суу” программасынын алкагында эки долбоор ишке киргизилген. Бири Дүйнөлүк банк (ДБ) тарабынан колдоого алынып, ал өзүнө өлкөнүн түндүк регионун (Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустары) өз кучагына алса, экинчиси Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) тарабынан каржылоого өтүп, түштүк региондорду (Ош, Жалал-Абад, Баткен) жана Чүй облусун таза суу менен камсыз кылууну максат кылган. Бирок тилекке каршы, айрым кетирилген кемчиликтердин айынан “Таза суу” программасынын экинчи фазасы канааттандыраарлык эмес деп табылган. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен АӨБ жана ДБнын айылдарды суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлору Суу чарбасы боюнча мамлекеттик комитетинен АРИСке өткөрүлүп берилген. Бирок, 2011-жылдын август айында долбоорду канааттандыраарлык эмес ишке ашыруу жана мурунку аткаруучу агенттиктер кетирген каталыктардан улам АӨБ тарабынан долбоорду каржылоо токтотулган жана кийин 2013-жылдын 5-июлунда АӨБ долбоордун расмий жабылышы жөнүндө жарыялаган. Жыйынтыгында, 2012-2014-жылдар аралыгында АРИС тарабынан “Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитария 2” долбоору ишке ашырылган жана жалпысынан 57 айыл толугу менен ичүүчү суу менен камсыздалган. Албетте, өлкөдөгү таза суу маселесинин курчтугун эске алсак бул көңүлгө толорлук көрсөткүч эмес. Бирок, 2014-жылы долбоордун жабылышы менен ага канаттандыраарлык деген баа берилип, муну менен донорлордун бизге болгон ишенимин жандандырдык деп эсептейм. Өз кезегинде Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөр мамлекеттик деңгээлде жүрүп жатат, долбоор жанданат деген тилектебиз.

Бүгүнкү күндө көп айылдар дагы деле таза суунун жоктугунан улам кыйналып келишет. Буга байланыштуу биз жаңы долбоорду иштеп чыгуунун үстүндө эмгектенип жатабыз. Республика боюнча негизги кемчилик стандарттардын баардыгы Совет доорунан бери өзгөртүлгөн эмес. Ошол эле суу түтүктөрүн алсак, мурун чоюндан, асбесттен жасалса, бүгүнкү күндө бул материалдар заманбап стандарттарга туура келбейт. Анткени асбест рак оорусун пайда кылаары аныкталган. Ошон үчүн пластиктен жасалган түтүктөрдү колдонуу зарыл. Бул албетте ири суммадагы акча каражатын талап кылат. Ал гана эмес юридикалык жактан да айрым төп келишпестиктер бар. Мисалга алсак “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамга ылайык скважинадан алынган сууга салык төлөнөт. А жергиликтүү башкармалыктардын роялти төлөөгө каражаты жок. Жалпысынан көп көйгөйлөр жана чечилбеген маселелер бар. Ушуга байланыштуу, биздин Өкмөткө калкты ичүүчү суу менен камсыздоо маселелерине көбүрөөк көңүл буруусуна кайрылгым келет”.

Белгилей кетсек Азия өнүктүрүү банкы тарабынан колдоого алынган долбоордун биринчи фазасында жергиликтүү калктан 5 пайыз эрежеси менен тийиштүү суммадагы акча каражаты чогултулуп алынган. Бүгүнкү күндө алардын тагдыры белгисиз.

Дүйнөдө жаратылыш ресурстарынын запасы жылдан жылга кемип баратканы жашыруун эмес. Буга байланыштуу таза суу келечекте кымбат товар болуп каларын да айтып келишет окумуштуу адистер. Андыктан өмүр булагы болгон сууга аяр мамиле жасайлы. Ал эми бийлик өкүлдөрү калкты таза суу менен камсыз кылуунун аракеттерин эртерээк ишке ашырса, мамлекет да тезирек өнүкмөк.

Перизат Джаныбекова

Түп нускага шилтеме : koktom.journalist.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...