Акыркы макалалар

Абдыжапар Бегматов: "Саясий партиялар кадыресе эки бутка тура элек"

Абдыжапар Бегматов: "Саясий партиялар кадыресе эки бутка тура элек"

Парламенттик шайлоого 2 айдын тегерегинде убакыт калды. Партиялар расмий үгүт иши баштала электе эле, аймактарга чапкылап, концертин коюп, жер-жерлерди көрнөк-жарнактарга толтурууда. Шайлоо босогосун ашып парламенттен мандат алуу үчүн партиялар кызматташып, биригүүдө. Кечээ БШКга 34 партия шайлоого катышууга ниетин билдирди. Бирок дагы саясий соодалашууга убакыт бар. Себеби бул так тизме эмес. Партиялар БШКга 25-августка чейин талапкерлердин тизмесин берип, шайлоо күрөөсү 5 млн сомду төлөп бүтүшү керек. Мына ушул теманын алкагында "Күн чекитте" Жогорку Кеңештин депутаты, адам укутары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекттик түзүлүш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Абдыжапар Бегматов менен маек курдук.

- Кечээ БШК шайлоого катышууга партиялардын арыз берүү мөөнөтүн токтотту. Анда 34 партия шайлоого катышаарын билдирди. Негизи бул шайлоодон кандай жыйынтык күтсөк болот?

- Азыр Кыргызстанда ушул саясий өнөктүк башталгандан бери саясий турмуш активдешти. Ошонун белгиси катары азыркы учурда 34 партия ЖКга ат салыша тургандыгы буга далил деп айтсак болот.

Бул сапар шайлоону өткөрүү жана даярдоодо, анын жыйынтыктарын чыгаруу мурдагы шайлоолордон айырмаланат. Биринчиден, шайлоого даярдыкты жүргүзүүдө шайлоочулардын тизмеси мурдагыдай эмес, биометрикалык маалыматтардын негизинде түзүлгөн. Андан кийинкиси шайлоо автоматтык эсептегичтерди пайдалануу менен өткөрүлөт.

- Бул шайлоого партиялар биригип, бирге иш алып барууга кадам таштап жатышат. Буга карата партиялар идеология эмес, мандат алуу үчүн биригип жатат деген пикирлер айтылууда. Партиялардын биригишине сиздин көз карашыңыз кандай?

- Бүгүнкү күндө Кыргызстанда саясий партиялар кадыресе эки бутка тура электигин моюнга алышыбыз керек. Саясий партиялар жаш. Алар коомдо бир бөлүк катары аракеттенүүдө. Менин оюмча партиялардын биригүүсү коомдо саясий күрөш күчтүү боло тургандыгын эске алсак, саясий күчтөрдүн биригүүсү мыйзам ченемдүү көрүнүш.

- Катталган партиялардын арасында элге кеңири таанылбагандары дагы бар экен. Булар шайлоодо кандай жыйынтыктарга жетише алышат? Же булар жөн эле чарпылып, каражаттарын текке кетирип жатышабы?

- Жогоруда айткандай, саясий партиялар эки бутуна тура элек мезгилде ар бир саясий партия, саясий күч шайлоого катышып, белгилүү бир добуштарды алып, өзүн тааныта алат. Бардык эле катышкандардын жеңишке жете бербеси белгилүү. Ошондой болсо дагы өзүн таанытуу максатында, өзүнүн программаларын биздин электоратка сунуш кылчу партиялар жок эмес.

- Бир кезде президент Алмазбек Шаршенович дагы “оппозиция айтчу нерсесин, бийликке келип айтсын” деп айткан пикири бар эмеспи. Бул шайлоодо оппозициялык маанайдагы кайсы партиялар бийликке келиши мүмкүн?

- Азыркы учурда президент башкарган партиядан башкасынын бардыгы эле бийликтин партиясына оппозиция катары чыгышат. Менин оюмча бизде оппозиция деп түптөлүп калган партия жокко эсе. Ошон үчүн КСДПдан башкасынын бардыгы ага оппозиция катары чыгат.

- Бүгүнкү күндө шайлоо астында партиялар арасында бири-бирин каралоо сыяктуу көрүнүштөр болууда. Мисалга, КСДП менен “Ата Мекендин” ортосундагы тиреш. Эгерде шайлоодон бул эки партия көп добуш топтоп, парламентке келе турган болсо, булардын кийинки кадамдары кандай болушу мүмкүн?

- Шайлоо алдында ушундай бири-бирин мактоо же каралоо – бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бул мыйзамда дагы каралган. Үгүт иштеринде жакшы жактарын мактап чыккан дагы жана далилдүү фактылар менен бири-бирин каралоого дагы мыйзам жол берет. Буга чейин парламентте беш жыл отурганда деле эки партия дайыма жылуу мамиледе, бир пикирде болду деп айта албайбыз. Бул шайлоодо эки партия тең жеңишке жетише турган болсо, парламенттин ишинде дагы бул партиялардын ичиндеги күрөш уланат деп ойлойм.

- Маегиңизге ыразычылык билдиребиз!

Автор: Каныкей Бозгунова

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...