Акыркы макалалар

Имамдар Баткенде балдарды зомбулуктан коргоого катышат

Имамдар Баткенде балдарды зомбулуктан коргоого катышат

Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү балдарды зордук-зобулукка кабылуунун алдын алуу боюнча жасалуучу иш-чаралардын планын бекиткен.

Баткен облусунда балдарга карата ырайымсыз мамилелердин, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча иш аракеттерди жүргүзүүгө Баткен облустук мусулмандар казыяты да тартылды. Бул туурасында аталган казыятынын маалымат кызматынан билдиришти.

Өкмөттүн аталган аймактагы өкүлчүлүгү балдарды зордук-зобулукка кабылуунун алдын алуу боюнча жасалуучу иш-чаралардын планын бекиткен. Казыят бул багытта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте иш жүргүзмөкчү.

"Баткен облусун мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуратов облус аймагында түшүндүрү иштерин жүргүзүү максатында жергиликтүү баш имам хатибдерге тиешелүү тапшырмаларды берди",— деп билдирди маалымат кызматынан.

Эми ар бир мечиттерде, жума күндөрү балдарга карата зордук-зомбулуктуу азайтуу үчүн эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлмөкчү.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...