Акыркы макалалар

ӨКМ: "Мерц-Бахер" ташып баштады, ал аймакка барбоону эскертебиз

ӨКМ: "Мерц-Бахер" ташып баштады, ал аймакка барбоону эскертебиз

ӨКМ Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу жана Ак-Суу районунун Жарандык коргоо комиссиясы жеринде ыкчам чара көрүү үчүн барарын билдирди.

Ак-Суу районунун Эңилчек айыл аймагындагы бийик тоолуу "Мерц-Бахер" көлү абанын температурасынын жогорулагандыгынан жана мөңгүлөрдүн эришинин кесепетинен жээгинен чыгып, ашып баштады. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

"Алдын ала маалымат боюнча 2015-жылдын 27-июлунда саат 14:00 чамасында "Мерц-Бахер" көлү ташып баштаган. Андыктан, жарандарыбызды, аталган тоолуу аймактагы малчыларды, өлкөдөгү конокторду, эс алуучуларды аталган көлдүн аймагына барбоону эскертебиз", — деп билдирди ӨКМдин маалымат кызматы.

ӨКМден алардын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу жана Ак-Суу районунун Жарандык коргоо комиссиясы жеринде ыкчам чара көрүү жана абалды изилдөө максатында айтылган аймакка чыгып кетерин билдирди.

"Мерц-Бахер" көлү — Ак-Cуу районундагы Эңилчек айылдык округуна караштуу Сары-Жаз жайлоосунда деңиз деңгээлинен 3304 метр бийиктикте жайгашкан. Узундугу 2-3 чакырым, туурасы 1,1 чакырым, аянты 4 чарчы чакырым,тереңдиги 60-70 метр. Мөңгү менен тосулуп, андан сынып, кетилген муз сыныктары(айсбергдер) көлдүн үстүндө калкып жүрөт. Көл жалпысынан экиге бөлүнгөн. Өйдө жагы муз менен капталып ылдый жагы суу болуп агып турат.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...