Акыркы макалалар

Бир багыттуу саясат Кыргызстанды изоляцияга алып келет

Бир багыттуу саясат Кыргызстанды изоляцияга алып келет

Мындай пикирин Марал радиосуна коомдук ишмер, экс-прокурор Кубатбек Байболов билдирди. Анын пикиринде азыркы бийликке чейин мурдагы президенттер Акаевдин жана Бакиевдин мезгилинде дагы Кыргыз Республикасы көп тараптуу саясат философиясы сакталып келген. Байболов азыркы бийликтин саясаты Россияны көздөгөн бир тараптуу кызматташууга бара жатат.

Ал эми Кыргызстан менен АКШ өкмөттөрүнүн кызматташуу тууралуу келишимин денонсациялоо жөнүндө кыргыз өкмөтүнүн чечимин, Байболов өкмөт башчынын алдыдагы президенттик шайлоого карата Орусия бийлигине жагынуу аракети катары көрөт.

Экс-прокурордун пикиринде Азимжан Аскаровго АКШ тарабынан берилген сыйлыкка карата кыргыз бийлиги нота жиберүү менен чектелгени туура болмок. Бир адамга сыйлык берүү шылтоосу Кыргызстандын эл аралык мамиледеги абройун тобокелге салуу акылга сыйбаган чечим, дейт Кубатбек Байболов

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...