Акыркы макалалар

Мектептердеги китептин тартыштыгы 25 пайызды түзөт

Учурда билим берүүнүн жаңы стандарттарына туура келген китептер иштелип чыгууда. Атайын жоболор иштелип чыккан соң жаңы, заманбап, сапатуу китептерди басып чыгарууга атайын адистер арасында сынак жарыяланат. Долбоорду 2018-2020-жылдарга чейин толугу менен ишке ашыруу пландалган. Бул тууралуу Мектепке чейинки, мектеп, мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Курбанова билдирди.

Анын айтымында, мектептерде китептердин абалы орчундуу маселе болуп саналат. Башталгыч класстарга тиешелүү китептер тез эскирип, пайдаланууга мүмкүн болбой калууда.

“Жалпысынан алганда орус тилдүү дагы, кыргыз тилдүү дагы мектептерде китептердин абалы начар. Ошондуктан аларды жаңыртып, заманга ылайык китептерди чыгаруу үчүн чоң долбоордун үстүндө иштеп жатабыз. Каржы жагынан Бүткүл дүйнөлүк банк жана айрым долбоорлор тарабынан колдоо көрсөтүлөт. Китептерди басып чыгарууда алгач анын маани-маңызы, учурдагы мамлекеттик идеологияга туура келген маалыматтарды камтыганына маани берип, андан кийин сырткы сапатына көңүл бурабыз”,-дейт Ч.Курбанова.

Эскерте кетсек, буга чейин айрым маалымат сайттарында быйыл мектептердеги китептин тартыштыгы 25 пайызды түзгөндүгү, алардын заманга ылайык стандарттарга жооп бербей тургандыгы Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева тарабынан айтылган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...