Акыркы макалалар

Ийгилик сыры: Тоок фермасынан тоодой киреше тапса болот

Ийгилик сыры: Тоок фермасынан тоодой киреше тапса болот

Ишкерлик кылам деп кыялданган кишилерди бир эле суроо түйшөлтөт: "кайсы тармакта, кандай ишкерлик кылам?" деген. Бирок көп учурда бул соболго ыңгайлуу жооп табылбай калат. Ошентсе да "Кабар ордо" өлкөнүн рынок шарттарын изилдеп көрүп канаттуу, анын ичинде тоок багуу менен бизнесин жолго коюп, киреше таап жаткан ишкерлер, үй-бүлөлөр бар экенине күбө болду.

Дегеле дүйнөлүк практикада канаттуу багуу айыл чарба жаатындагы экономикалык жактан эң пайдалуу жана рентабелдүү тармак болуп эсептелет. Канаттуу өстүрүү ага рационалдуу инвестиция салган учурда тез өнүгүүчү багыттардын бири болуп саналат. Бул үчүн канаттуунун биологиялык жана генетикалык жактан сапаттуу болгону маанилүү. Кыргызстандын климаттык-жаратылыш шарты дагы канаттуу өстүргөн чарбаларды ийгиликтүү өнүктүрүүгө мүмкүндүк түзөт.

Кыргызстанда "Natural Agro" деп аталган жоопкерчилиги чектелген коом 2011-жылдан бери иш алып барып жатыптыр. Бул компаниянын өзгөчөлүгү каалаган адамдарга канаттуу багуу боюнча адистиги жок болсо да бул жаатта ийгиликтүү бизнес ачып, аны иштетип кетүүгө көмөк берүү экенин ишкананын кызматкерлери белгилешти.

Аталган компаниянын директору Стивен Майердин айтымында, Кыргызстанда тоо фермаларын ачууга толук жакшы шарттар бар. "Мен бул компанияга директор болуп бир аз мурда гана келдим. Өзүм америкалыкмын, Калифорниядагы университетте ишкерлик багытында билим алгам. Мага чейин иштеп кеткен адам компаниянын ишин баштаган. 2011-жылы ал бул бизнести Бишкекке ачкан экен. Биз элдин жашоо деңгээлин көтөрүүнү максат кылганбыз, Кыргызстандагы экономикасынын өнүгүшүнө көмөк көрсөткүбүз келет. Эң негизги максатыбыз -канаттуу өстүрүү жаатында эч кандай билими жок эле адамга бул жаатта бизнес кылууга мүмкүндүк түзүү болуп саналат. Биз ал үчүн өзү кызыгып, тоок багуу менен ишкерлик кылам деген жаранды атайын окутуудан өткөрүп, анан ага өзүбүздүн фабрикадан өстүрүлгөн тоокторду жана өзүбүз даярдаган жемди сатып алууну сунуштайбыз. Окутуу маалында атайын адистер теориялык жактан дагы, практика жүзүндө дагы тоок фермасын ачуу ишин кандай жолго коюш керектигин, тоокананын курулушун жана анын микроклиматын сактоону, канча жем берүүнү жана башка көп нерселерди үйрөтүп чыгат",-дейт Майер.

Кантип ишти баштаса болот?

Бул бизнести башташ үчүн албетте сизге биринчи кезекте каалоо керек. Алгач канаттуу багуу боюнча окутуу курсунан өтөсүз. Бул үчүн каалаган ар бир эле адам компанияга келип жарандыгын тастыктоочу күбөлүгүн көрсөтүп, каттоодон өтүп окууну баштай берсе болот.

"Окутуу курстарынын баасы 4500 сом. Бул жерден кардардар, башкача айтканда болочоктогу ишкерлер тоок багуунун сырларын теориялык жактан дагы, практикалык жактан дагы үйрөнүп чыгышат. Мисалы, компания ишин баштаган күндөн тартып бизден 1000ге жакын ишкер тоок чарбасын уюштуруу боюнча атайын билим алды. Учурда өлкөдө 500дөй адам ушул ишти жолго коюп, кардарларын сапаттуу, үй шартында багылган тооктон алынган таза, жаңы жумуртка менен камсыздап жатат",-дейт Майер ишкананын иши тууралуу пикирин бөлүшүп жатып.

Кундузбүбү Эшенкулова: Түйшүктүү жумуш, бирок кирешелүү

Бул бизнести ачуунун баасы сиз тоок фермасын өзүңүз иштетесизби же аны ижарага аласызбы ушуга көз каранды болот. Негизинен ишти жакшы баштайм деген адам компаниядан 500дөй тоок сатып алып баштаса болот. Себеби көп сандагы тоок күнүгө жумутка бергендиктен фермер күнүнө көбүрөөк киреше таба алат. Чүй областынын Сокулук районунун тургуну Кундузбүбү Эшенкулова мындай бизнести ачканына бир жыл болгон. Адегенде 1000ге жакын тоок алып ишин баштаган, бирок эми кирешеси кеңейип, үлкөн тоок фермасын ачууга белсенип жатат. "5 миң тоок бага турган чарба ачсакпы деген ниетибиз бар. Бул үчүн үй-бүлөбүз, жолдошум менн кеңешип азыркы тоок чарбабызды, үйүбүздү сатсакпы деп ойлоп жатабыз. Тынбай аракет кылган адамга жакшы пайда берчү жумуш",-дейт Эшенкулова өзүнүн чарбасы тууралуу.

Өз үйүнө чакан тоок фермасын ачкан Бишкек шаарынын тургуну Аллакул Жумагуловдун айтымында, жумуткаларды сатып өткөрүү жаатында дегеле кыйынчылык болбойт.

"Анткени сапаттуу жумуткаларга кардарлар көп. Өзүңүздөргө белгилүү жайында жумурткага суроо-талап аз болуп калат. Ошентсе дагы биз өндүргөн жумуртканы сатып өткөрүүдө эч кандай кыйынчылык болбойт",-дейт ишкер.

Жемдин сапатына өзгөчө көңүл бурулат

Компаниянын тооктору "Корал" деп аталат жана алар 4 айдан баштап жумуртка тууй баштайт. Жумуртка өндүрүшүнө тоокторго берилген жем таасир берерин компаниянын жем боюнча атайын адиси Самат Бакытов белгиледи.

"Биздин өз фермелерибизге сатып жаткан жем дүйнөлүк стандартка ылайыкталган, баардык жактан компоненттер камтылган продукция болуп эсептелет. Алардын сапатын атайын лабораторияларга текшертип турабыз. Жем сапаттуу болсо тооктор дагы көп жумурка берет. Биз менен иштешкен фермерлер арзанына карап башка жем алышат, бирок жумутка өндүрүү азайганын көрүп кайра эле кайрылып биздин жемди сатып ала башташат",-дейт Бакытов.

Компаниянын кардарлар менен иштешүү бөлүмүнүн адиси Надира Таированын айтымында, алардын компаниясы Кыргызстандагы "Улар" ишканасы менен биргеликте 3 айга чейинки тоокторду багат жана аларды тоок чарбаларына сатып турат. "Албетте канча тоок алышты, же кандай багыттагы тоокту сатып алышты ишкер өзү чечет. "Корал" тооктору күнүгө жумуртка бергендиги менен айырмаланат. Анын крем түстүү жумуткасынын сапаты эң жакшы",-дейт адис.

Тоок фермасын ачыш үчүн сизге канча каражат керек?

Бул үчүн адегенде "Natural Agro" компаниясынан атайын окуудан өтүшүңүз кажет. Ал жерден тоок багуунун, аларга ылайык тооккана салуунун сырларын өздөштүрүп чыгасыз. Баасы жумасына 4500 сом, анын ичинде кофе-брейк камтылган.

Кийинки баскыч-тоокана салуу жана тоокторду сатып алуу. Учурда бир "Корал" тоогу 300 сом болуп жатыптыр. Жакшы пайда табам десеңиз 500гө чейин тоок сатып алсаңыз болот. Бирок компания 50 тоок же 500 тоок алсаңыз деле эч кандай чек койбойт. Болгону көп тооктон көп жумутка аласыз. 3 айлык тоокторду сатып алып 2 жылга чейин жумутка алсаңыз болот. Бул тоокторду компаниянын ветеринар адистери карап дарылап, тиешелүү вакцина сайып турат.

Атайын жем сатып алуу. Жемдин курамына жумуртка багытында тоокторго эң керектүү витаминдер, минералдар, протеиндер камтылган.

Кийинки этап алган жумуткаларды сатып өткөрүү,бирок кардарларды өзүңүз табышыңыз керек.

Компаниянын адистеринин айтымында, тоок фермасын иштетиш үчүн болжол менен 6-8 миң доллар талап кылынат. Бирок ишин жүргүзгөн ишкерге кийин бул сумма көп эсе кайтып келет.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...