Акыркы макалалар

Дүйнөлүк универсиада 2015: Калыстык болгондо Кыргызстан да ийгиликке жетмек

Дүйнөлүк универсиада 2015: Калыстык болгондо Кыргызстан да ийгиликке жетмек

Бүгүнкү “Кабар даамында” уктуруусунда Түштүк Кореянын Ванджу шаарында өткөн Бүткүл Дүйнөлүк жайкы 28-универсиаданын ийгиликтери, кемчиликтери тууралуу маек курдук. Программанын коногу Жаштык спорт комплексинин директору, Студенттер спорт федерацисынын вице-президенти Эркин Абдылдаев болду.

Бүткүл Дүйнөлүк 28-жайкы универсиада кандай деңгээлде өттү?

Студенттер арасындагы 28-жайкы универсиада Түштүк Кореяда болду. Ал мамлекет өтө өнүккөн өлкөлөрдүн бири. Биз барганда күбө болдук, жата турган жайыбыз, спорттун түрлөрү өтө турчу спорттук комплекстери жогорку деңгээлде экен. Жогорку окуу жайларга карай турган базалардын баарынын шарты жакшы. Муну көрүп бир четинен ичибиз күйүп, экинчи жагынан алардын ушундай жетишкендикке жеткендерине кубанычта болдук. Жогорку окуу жайлары студенттерге жакшы көңүл бөлө турганы көрүнүп турат. Ал эми биздин спортчуларыбыз жаман эмес, жакшы аракет кылышты. Себеби алардын көпчүлүгү күчтүү мамлекеттер менен таймашып келишкен. Маселен биздин кыздар арасындагы спортчубуз Дарья Маслова,чуркоо боюнча болбогон эле 0,8 секундага уттуруп койду. Себеби ал жактын жаратылышы оор, өтө нымдуу болот. Мелдеш учурунда жаан да жаап, аба жетишпей жатканы сезилип турду. Чуркабай эле жөн отургандар да тердеп турушту. Машыктыруучусу Виктор Борисов да ошол убакта өзүн жаман сезип, ооруканада капельница алып жатып калды. Ошого карабастан Дарья жакшы жетишкендикти көрсөттү.

Негизи Кыргызстанда 1985-жылы жеңил атлетикада бийиктикке секирүү боюнча Игорь Паклин дүйнөлүк рекордду койгон. Ошол жылдан бери мындай жетишкендик боло элек болчу. Бирок азыр да үмүт чоң. Бул Дарья дагы машыктыруучу жанында болбогондуктан эртерээк баштап алып, финишке 60 метр калганда күчү кетип калып, эки кыз озуп кетти. Жаштык кылып койду окшойт, болбосо алтын медалга татыктуу кыз. Келечекте олимпиадага катышып, Кыргызстандын желегин, Билим берүү министрлигин, өзү окуп жаткан Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия академиясынын атын чыгара турган спортчулардан болот. Калганы спорттун 4 түрүнөн 22 спортчу барды. 2013-жылы Орусия федерациясынын Казань шаарында болгон универсиадада ар бир жогорку окуу жай өзүнүн студенттерине каражат таап берген, 98 спортчу барган. Ал учурда кыргыз балбандары бел боо күрөшү, эркин күрөшү жана грек рим күрөшү боюнча барышкан. Ошондуктан 2 алтын, 2 күмүш жана 8 коло утуп келишкен. Каныбек Жолчубеков, эң биринчилерден болуп греко рим тарыхында Дүйнөлүк чемпион аталган. Бул жолкусунда 2-3 медалга пландаштырганбыз. Тилекке каршы спорттун дзюдо түрү боюнча Бектур Рысманбетов деген 66 кг салмактагы спортчу жакшы келди. Бирок коло медалына күрөшүп жаткан учурда Италиялык дзюдочуга болгону 2 эскертүү алуу менен уттурду. А негизи экөөнүн алган баалары бирдей болгон. Каражаттын аздыгынан саналуу, тандалуу спортчуларды алып бардык.

Бул универсиада Олимпиададан кийинки кичи Олимпиада деп эсептелет. Ага Олимпиаданын чемиондору 2-3-орунду алгандар, Азия Олимпиадасынын чемпиондору башкача айтканда күчтүү спортчулар катышат. Себеби бул абдан бийик деңгээлдеги мелдеш. 150 мамлекет катышты.

Ал эми жарым марафондук жарышка Илья Тяпкин деген бала барган. Ал 49 спортчунун ичинен 13-болуп келди. Дзюдодо команда менен катышып, балдар командасы 7-орунду ээлешти. 66 кг салмактагы спортчу Бектур Рысманбетов 5-орунду алды. Бул универсиаданын деңгээли боюнча жакшы жетишкендик десек болот.

Кайсы окуу жайдын студенттери барды, алардын ичинде республикалык деңгээлдеги спортчулар барбы?

Негизи республика боюнча 36 окуу жайдын ичинен, Дене тарбия академиясы, Политех университети, Улуттук университет, Агрардык университети, Бишкек гуманитардык окуу жайы, Юридикалык академия жана Кыргыз мамлекеттик транспорт, курулуш жана архитектура уинверситетинин студенттери барышат. Негизи бардык университеттерде кафедра башчылары канчалык күчтүү болсо базалары да күчтүү болот, студенттери да спортко тартылат. Айрым окуу жайлардын спорттук базаларынын шарты начар.

Башка өлкөлөр кандай ийгиликтерге жетишти? Жыйынтык калыс түрдө чечилдиби?

Башка мамлекеттердин даярдыгы күчтүү. Сууда сүзүү, баскетбол, волейбол, футбол түрлөрү боюнча мыкты спортчулар бар. Бирок азыр Кыргызстанда да балдар арасында волейбол күчтүү чыгууда. Калыстык жагын айтсак, Түштүк Корея жердешчилик кылып өздөрүнө тартып коюп жатышты. Былтыр Азия оюндарында аталган өлкөнүн Инчхон шаарында өткөн мелдеште биздин көпчүлүк балбандарыбыз калыстардын айынан байгеге жетпей капа болуп келишкен. Бул жолку жарышта дзюдочу Бектур Рысманбетов да, эгер калыстык болсо 3-орунга жетишмек. Биз буга нааразычылык жазганга чейин бардык. Бирок каралган жок. Чындыгында Корея көп медаль алып алдыга чыкты. Мындан тышкары Орусия 700 спортчу, Кытай 500 гө жакын спотчу менен келишти. Күчтүү мамлекеттердин ичинен Франция, Бразилия, Америка ж.б өлкөлөр алдыга чыгышты.

Автор: Бахар Хакимова

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...