Акыркы макалалар

Президент Борбордук шайлоо комиссиянын төрагасын кабыл алды

Президент Борбордук шайлоо комиссиянын төрагасын кабыл алды

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысына өлкөнүн шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат берилди.

Абдраимов алдыда келе жаткан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоолорго даярдыктын жүрүшү, жарандардын биометрикалык маалыматтарын жыйноо, добуштарды электрондук эсептөө ыкмаларын киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана шайлоочулардын тизмесин сапаттуу түзүүнү камсыз кылуу, добуштарды эсептөөнү ачык-айкын жүргүзүү боюнча БШК тарабынан көрүлүп жаткан чаралар туурасында айтып берди.

Президент алдыдагы ачык жана калыс өтүүгө тийиш болгон парламенттик шайлоолорго мыкты даярдык көрүүнүн өзгөчө маанисин баса белгиледи.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...