Акыркы макалалар

Халал индустриясын өнүктүрүү Кыргыз борборунун эн белгисин мыйзамсыз колдонгондор көбөйүүдө

Халал индустриясын өнүктүрүү Кыргыз борборунун эн белгисин мыйзамсыз колдонгондор көбөйүүдө

Халал борборунун маалыматы боюнча мындай фактылар суу өндүрүүчү «Асар-Груп» ЖЧКсы жана «Магия вкуса» пельменин өндүрүүчү компаниясы тарабынан байкалган.

Ушундай себептерден улам жарандар Борбордун логотибин уруксаатсыз колдонуу фактылары жана тастыкталган продукциялар тууралуу маалыматты тактай алышат. Ал үчүн Халал индустриясын өнүктүрүү Кыргыз борборунун маалыматтык кызматына кайрылууга болот. Кызматтын номери 0312 89 14 90 0555 89 14 90 0707 666 881.

Эске салсак, жакында аталган борбордо ата мекендик адал тамак аш жана азыктардын курамындагы заттардын пайда жана зыяны жөнүндө так маалымат берүүчү маалымат кызматы ачылган.

Аталган коомдук бирикме 3 жылдан бери иш алып барат жана ага 100гө жакын ишканалар катталган.

Борбордун товар белгиси 2014-жылдын 3-июлунда Кыргызпатентте катталган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...