Акыркы макалалар

Менчиктештирилип кеткен 46 балдар бакчасы муниципалдык менчикке айланат

Менчиктештирилип кеткен 46 балдар бакчасы муниципалдык менчикке айланат

Ош шаардык мэриясынын кезектеги аппараттык жыйынында калаа башчысы А.Кадырбаев буга чейин менчиктештирилип кеткен 46 балдар бакчасын муниципиалдык менчикке алуу багытында мыйзам чегинде тезинен иш- аракеттерди жүргүзүү керектигин айтты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы малымдады.

Маалыматка ылайык аппараттык отурумда мэр вице-мерлер менен бөлүм башчыларды 2014-2017-жылдарда Ош шаарын өнүктүрүүнүн план-программаларынын негизинде иш алып баруу зарылдыгын эскертти. Ошондой эле кезектеги август конференциясын жогорку деңгээлде өткөрүү максатында уюштуруучулук иштерди алып баруу менен мектептерди толук интерактивдик доскалар менен камсыздоо керектигин тиешелүүлөргө табыштап, эл менен болгон жолугушуулардагы протоколдук тапшырмаларды өз мөөнөтүндө аткаруу зарылдыгын баса белгиледи.

Түп нускага шилтеме : www.aymak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...