Акыркы макалалар

Бейшенбек Абдыразаков: “Мамлекет курулуш тармагын колдогон жок”

Бейшенбек Абдыразаков: “Мамлекет курулуш тармагын колдогон жок”

“Гезит бетинде” уктуруусунун коногу "Үй куруучулар" партиясынын лидери Бейшенбек Абдыразаков болду.

- Басылмаларда шайлоого бара турган партиялардын ар бирине ар кандай баа берилген. Сиздин пикирде кайсы партия бул жолку шайлоодо ийгикке жетише алат?

- Шайлоого жакындаган сайын саясат чыңалып баштайт. Бул жолку шайлоодо деле партиялар элдин ишенимине кирүүнү көздөп убактылуу убадаларды берип, чай-чамегин таратуу иштери жүрөт окшойт. Бул туура эмес. Бирок буга саясатчылар дагы эл дагы көнүп калган. Биздин саясатчылар 25 жылдан бери элди кантип алдашты жакшы өздөштүрүп алышпадыбы. Шайлоого жакындаганда саясатчылар элди ойлоп, бактылуу кылып калышат. Эми кимиси кандай күч жумшаса, аракет кылса, ошого жараша мүмкүнчүлүккө ээ болот. Бирок шайлоону таза өткөрүү үчүн заманбап техникалардын сыры элге азыр белгисиз. Ага канчалык деңгээлде ишенүүгө болот билбейм. Мурда бюллетендерди салып жиберип же тааныштарын ташып келип добуш бердиртип келишсе, эми биометрикалык маалымат менен компьютерде отурган балдар эле чечип коёт го ким канча добуш алаарын. Деги эле бүгүнкү күндөгү шайлоонун таза өтөөрүнө ишеним жок. Шайлоочулар дагы саясатчылардын айткан убадаларына эмес берген акчаларына ишенип шайлап калышпадыбы. Ким акча берсе добушун берип басып кетет. Бирок карапайым калк, шайлоочулар ушундай түшүнүктү жок кылышыбыз керек. Ар бир добушту, талдап, тандап туруп бериш керек. Ошондо биз өз өлкөбүздүн келечегине салым кошкон болобуз.

- Басылмаларда өкмөт башчы Темир Сариевдин ишмердүүлүгү боюнча бир топ макалалар жазылган. Сиз кандай баа бересиз?

- Кыргызстандын саясатындагы эң чоң катачылык саясый туруксуздук. Ким кызматка келсе иштөөгө мүкүнчүлүк бербей эле кайра алып салышат. Саясий кызматка дайындалгандар деле кызматтан кеткенче ичип-жеп алайын деген түшүнүк менен иш алып барышат. Бул премьер-министрликке дагы тиешелүү. 2010-жылдан бери эле төрт өкмөт башчы алмашты. Эмне иш бүттү? Бири-биринен кандай айырмасы бар? Эч ким билбейт. Темир Сариев деле иштемиш болуп атат бирок ал деле күзүндө кетет да.

- Бишкек шаарында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн сапаты талапка жооп береби?

- Курулуш өлкөнүн өнүгүүсү болуп саналат. Кайсы жерде курулуш жүрүп турса, ошол мамлекет өнүгүүгө карай бет алган болот. Бишкектеги курулуп жаткан курулуштарга жакшы баа беришибиз керек. Курулуш кирешелүү тармак. 300-400 доллар чыгымга 1000 доллар пайда түшөт. Ошол себептен курулуш компаниялары көбөйүп үйлөрдү куруп жатышат. Бирок мамлекет курулуш тармагын колдоого алган жок. Жеке ишкерлердин аракети менен шаарыбыз жакшырып бара жатат. Мамлекеттин "Социалдык турак жай" деген долбоору бар. Ошол долбоор иштебей жатат. Элди үй менен камсыз кылуу боюнча аталган долбоорду иштетип, үйлөрдү куруп, көп жылдык мөөнөткө берип турса туура болмок. Курулуштардын сапаты курулуш компаниялардын кандай материалдар менен куруп жатканына көз каранды. Бизде Кытайдын, Түркиянын, Россиянын курулуш материалдары сатылат. Бири-биринен айырмасы чоң.

Автор: Айсулуу Эсен кызы

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...