Акыркы макалалар

Жумушчу жаштар мектеби ачылды

Жумушчу жаштар мектеби ачылды

Бүгүн Бишкекте №7 чи жумушчу жаштар мектебинин оңдоп түзөө иштеринен кийинки ачылышы болду.Мектептин ачылышына шаар башчысы Иса Өмүркулов катышты.

Бул метепте көбүнчө социалдык жактан камсыз болбогон үй бүлөнүн балдары жана жетим балдар окушат.Иса Өмүркуловдун айтымында мындай окуучуларга өзгөчө шарт керек,ошондуктан окуучуларга копьтердик класс ачылды.Ошондой эле жаңы имаратты капиталдык оңдоого шаар бюджетинен жалысынан 6 млн 300миң сом сарпталган.

Мектептин имараты 1949-жылы курулуп, 1963-жылдан тарта кечки мектеп болуп иштеп келет.2011-жылы мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттиги тарабынан мектепти текшерүүгө акт түзүлгөн.Текшерирүүдө мектеп авриялык абалда экендиги аныкталган, себеби имаратка ушул күнгө чейин капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн эмес .

Учурда бул мектепте 120 жумушчу жаштар билим алат. Алардын түшкө чейинки бөлүмүндө 14 жаштан 18 жашка чейинкилер окуса ,түштөн кийин 16 жаштан 25 жашка чейинкилер окушат. Бирок,окуучуларга үй тапшырма берилбейт,антени жаштар сабактан кийин жумушуна кетишекендиктеринен тапшырма аткарганга үлгүрбөйт.Ошондуктан 12 -класска чейин окушат.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...