Акыркы макалалар

Б. Курманбеков: “Фонд саясатка тиешеси бар ишкерлерди каржылабайт”

Б. Курманбеков: “Фонд саясатка тиешеси бар ишкерлерди каржылабайт”

Кыргызстан ЕАЭБне мүчө болуу алдында Орусия менен Казакстандан каржылык жардам сураган. Мунун негизинде Кыргызстан-Орусия өнүктүрүү фонду түзүлгөн. “Экомайдан” программасынын бул жолку чыгарылышында фонддун ишмердүүлүгү тууралуу талкуу уюштурдук. Талкууга Кыргызстан-Орусия өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү Бакыт Курманбеков жана ЖИА бизнес ассоциациясынын төрагасы Умбриэль Темиралиев катышты.

Бакыт Курманбеков:- Кыргызстан –Орусия өнүктүрүү фонду өкмөттөр аралык келишимдин негизинде түзүлгөн. Фонддун эң негизги максаты Кыргызстандын экономикасына узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө салым кошуу. Фонддун капиталы 500 млн доллар болот. Учурда каражаттын 200 млн доллары фонддун Улуттук банктагы эсебине келип түштү. Ишкерлерге түз насыя берет жана чакан, орто бизнести коммерциялык банктар аркылуу каржылайт. Коммерциялык банктардын тандалып алынуусу, бул банктар бардык аймактарда бар. Үстөк пайыздар азырынча белгисиз, бирок ишкерлерге ыңгайлуу кылуу аракетин көздөп жатабыз. Тигүү жана текстиль, айыл чарба тармактарына өзгөчө көңүл бурулмакчы.

-Ишкерлерди каржылоо май айында башталат деп айтылган эле, бирок белгилүү болгондой азыркыга чейин каржылоо баштала элек. Кечигүүнүн себеби эмнеде?

Бакыт Курманбеков:-Мен муну кечигүү деп айта албайм. Сиздерге белгилүү болгондой, фонддун башкармалыгы жана кеңеши бар. Фонддун башкармалыгынын 3 мүчөсү Кыргызстандын жараны, ал эми 2 мүчөсү Орусиянын жараны. Документтин баары фонддун кеңеши тарабынан бекитилет. Учурда башкармалык укуктук-нормативдик документтерди даярдап жатат. Кыскача айта кесек, фонддун тузулүшү жүрүп жатат. Мындан улам каржылоо сентябрь айына жылып кетти. Бизге 50 гө жакын долбоор кеелип түштү. Бирок алардын 10 пайызы гана талапка жооп берет. Калгандары чийки даярдалган. Биз сентябрда биринчи доолбоорду каржылоону пландап жатабыз. Бул айыл чарба тармагындагы долбоор болот.

-Фонддун каржылоосунун кечеңдөөсү ишкерлерге кандай таасирин тийгизип жатат?

Умбриэль Темиралиев:-Ишкерлердин баары эле узак мөөнөттүк капитал күтүп жатышат. Кризис учур болгондуктан, курулуш тармагы токтоп калды, айыл чарба тармагында болсо кыйынчылыктар болуп жатат. Ошол себептен ишкерлер чоң өлчөмдө каражатка муктаж. Бирок өнүктүрүү фонду азырынча толук кандуу түзүлуп бүтө элек. Мен насыя берүү эмес түз инвестиция башкача айтканда узун мөөнөттү инвестиция жагын кароону фонддун өкүлдөрүнө сунуштайт элем. Узун мөөнөттүү инвестиция менен насыя берүүнүн ортосунда аябагандай чоң айырма бар. Инвестиция кылуу үчүн бул тармакта иштеп келген адистер керек.

-Сиздер каржылай турган долбоор жаңыдан башталышы керекпи же иштеп жаткан долбоорлорду да каржылоого мүмкүнчүлүк барбы?

Бакыт Курманбеков:-Фонддун негизги максаты Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү болгондуктан биз өзгөчө өнөр-жай тармагын колдошубуз керек. Иштеп жаткан долбоорду каржылоо бизге абдан жеңил. Анткени ал бат жөнгө салынып, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошо баштайт. Бирок нөлдөн башталып жаткан долбоорлорду да кабыл алабыз. Анда ишкер долбоордун 20 пайызын өзү каржылашы керек болот.

-Ишкерлер үчүн өнүктүрүү фондунун банктан айырмасы кандай?

Умбриэль Темиралиев:-Ишкерлерге колдоо көрсөтүүчү банктар өлкөдө жетишсиз. 3-4 банк бар, алар 5 жылдык мөөнөт менен насыя беришет. Ал эми фонддун максаттары андан айырмаланып турушу керек. Мисалы банктар ишкерге каражат берип, андан пайда алууну гана көздөсө, фонд ишкерге каражат бергенден кийин аны кантип ишетет, кантип пайда алат, аны кошо көзөмөлдөп ишке ашыруусу шарт.

-Учурда 50 гө чукул долбоор келип түштү деп айтыңыз. Бул долбооррлор ким тарабынан тандалып алынып каржыланат? Долбоорлорду тандоодо тааныш-билиш болуп, кээ бир күчтөрдүн кызыкчылыгы негизги ролду ойноп калбайбы?

Бакыт Курманбеков: - Фонддун эң негизги документи уставы. Бул ошол уставдын негизинде иш алып барабыз. Анда фонд кайсы бир саясий партияга мүчө же саясатка тиешеси бар ишкерди каржылабайт деп жазылган. Долбоорлор башкармалык таарбынан тандалып алынып, кеңеш аны кайрадан карап чыгат. Фонддун ишмердүүлүгү ачык-айкын болушу үчүн ай сайын ЖМК аркылуу маалымат берип турабыз .Бирок коммерциялык сыр болгондуктан ишкердин жана долбоордун аты аталбайт. Бирок кайсы тармакка канча каражат жумшалып жатат, ал боюнча так маалыматтарды бере алабыз.

Автор: Чолпонай Латыпжан кызы

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...