Акыркы макалалар

Ким-кимге нааразы: Жерүй кенинин айланасындагы чатак ырбап бара жатат

Ким-кимге нааразы: Жерүй кенинин айланасындагы чатак ырбап бара жатат

Таластагы Жерүй кенин иштетүүгө каршы болгон тараптар бийлик менен ыкка келе албай, ал тургай кендин айданасындагы конфликттүү жагдай ырбап бара жатат. Жергиликтүү тургундар "экологияга зыяны тиет",- деп кенди иштетүүгө каршы чыгышууда. Бул арада өкмөт кенди иштетүүдөн мамлекет үлкөн пайда табарын айтып элди ынандырууда.

Кенди иштетүүгө жергиликтүү тургундар каршы чыгууда

Таластын тургундары буга чейин бир нече жолу аталган кенди иштетүүгө каршы нааразылык акциясына чыгышкан болчу. "Талас эл ынтымагы" кыймылынын активисти Амангелди Артыковдун айтымында, Жерүйдү иштетүүгө каршы тараптардын алгачкы нааразылык митинги 19-майда Талас областындагы Талас районунун Кара-Суу айлында болуп, анда жергиликтүү тургундар кенди иштетүүгө каршы резолюция кабыл алышкан. Кийинки акция 7-июнда Талас шаарында өтүп, үзгүлтүккө учураган, ал эми үчүнчү митинг 2-июлда Бекмолдо айыл өкмөтүндө болгон. Жергиликтүү тургундар мындай акцияларды дагы улантышмакчы жана бул жолу кескин талаптарды коюшарын айтып билдирүү таратышты.

Артыковдун айтымында, 21-июлда областтын тургундары кезектеги жолу кенди иштетүүгө каршы жыйын өткөрүшмөкчү.

"Бир эле талап коюулат - алтын кенин иштетүү токтотулсун деген. Бийлик Жерүйдү иштетүүнү токтотуш керек, анткени бул экологиялык кыйроого алып келет. Мындан тышкары Таласта 21-июлда өткөрүлө турган жалпы элдик жыйында буга чейин сатылган жана сатабыз деп жатышкан Таластагы Кара-Буура, Шыралжын кендери тууралуу да талап коелу деп жатабыз. Жогорудагы аталган кендердин кесепетинен экологиялык зыян тарткандыгыбыздан, азыр, мисалы, Кара-Буура дайрасында форель балыктарынын баары жок болду. Бүтүндөй Талас областында жайгашкан кендерди талап-тоноп жатышат. Бийликтегилер бизнесмен болуп кетишти баардык кендерди сатышты. Таласта өткөрүлө турган бул жыйынга биз президенти, өкмөт башчысын, өкмөт мүчөлөрүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн да чакырдык. Эгерде алар кендин ишин токтотпосо же өздөрү билгендей кылса, жөө жүрүшкө чыгабыз. 15-16 миңдей адам топтойбуз деп жатабыз, эч кандай акча таратуу деген нерсе болбойт, нааразы болгон эл өзү митингге чыгат. Эч бир партиянын дагы кызыкчылыгын көздөгөн жокпуз",-деген нааразы пикирин билдирди Артыков ЖМК өкүлдөрүнө.

Шайлоо алдындагы опуртал жагдайлар

Кендин айланасындагы жагдай күзүндө боло турган шайлоого өзүнүн таасирин бере турганын серепчилер белгилешүүдө. Россиянын эксперти, Россиянын илимдер академиясынын чыгыш таануу институтунун Борбор Азия жана Кавказды изилдөө борборунун илимий кызматкери Станислав Притчин REGNUM маалымат агенттигине "Кыргызстандагы күзүндө боло турган шайлоонун негизги темасы- эки ири инвестициялык долбоорлор болгон Кумтөр жана Жерүй алтын кендеринин абалына жараша болот",-деп билдирген.

Анын айтымында, Кыргызстан үчүн мындай ири долбоорлор абдан маанилүү. "Ишканалар бюжет түзө турган мүнөздө болгондуктан, коомчулуктун көңүл борборунда турат. Дал ушуну электоратты өзүнө тарткысы келген айрым бир саясий күчтөр пайдаланат",-деп билдирген ал.

Притчиндин айтымында, Жерүй кениндеги жумуш процесси россиялык инвесторлор жергиликтүү эл менен компромисске келе албай жаткандыктан татаалдашып бара жатат.

"Ошондой эле 2010-жылы тендерден утуп алып, бирок кенге ээлик кыла албай калган, казакстандын Visor холдинги менен соттук териштирүү да олуттуу иш болот. Эгер жагдай оңолбосо, Кыргызстан өзүнүн экономикалык абалын жакшыртуу мүмкүндүгүн колдон чыгарып жиберет: бюджетке салык түшпөйт. социалдык долбоорлор ишке ашпайт, ал эми республиканын инвестициялык климаты начарлайт ",-деп түшүндүргөн россиялык саясат таануучу аталган маалымат агенттигине.

Муканбетов: Тоо кенчилер өз сунуштарын билдиришкен

КРдин мурдагы энергетика министри, КРдин тоо-кен өнөр жайчылары жана геологдору ассоциациясынын башкаруу мүчөсү Картайбек Муканбетов "Кабар Ордого" берген маегинде буга чейин Кыргызстандын тоо-кенчилери Жерүй кени боюнча өзүнүн сунушун өкмөткө билдирген.

"Биз өзүбүздүн кайрылуубузда кенге кандайча конкурс өткөрүш керек, аны кандайча иштетишибиз керек деген сыяктуу баардык шарттар боюнча өз сунушубузду билдирген болчубуз. Бирок буга көңүл бурушкан жок. Кенде 90 тоннага жакын алтын кени бар деп жүрөбүз. Аны иштеткенде 3 миллиард долларга бааланмак, анын жарымы кен иштеткен чыгымга кетсе дагы, 1500 миллиард доллар калмак. Бирок ушул 3 миллаирд долларга бааланган кенди 100 миллион долларга сатып жибердик. Мамлекеттин кенде эч кандай үлүшү калган жок",-дейт тоо инженери.

Ал эми эксперттин айтымында, тоо иштериин жүргүзүүдө, кенди иштетүүдө экологиянын бузулары анык. "Кен казуучулардын максаты - ошол экологиялык бузулууну минималдаштыруу, азайтуу. Азыр эми Таласта эл нааразы болуп акцияга чыгып жатат. Чындыгында кен иштеткен жерде экология бузулат. Бирок экологиянын зыянын азайтып иштетбиз деген шарттарда кенди иштетүүгө тоскоол болбош керек",-деген оюн бөлүштү кенди иштетүүдөгү экологиялык зыяндар тууралуу сурообузга эксперт.

Жерүйдүн багы качан ачылат?

Белгилей кетсек, Талас областында Чоң-Чычкан дайрасынын жогору жагында жайгашкан "Жерүй" кенинин чалгындалган запасы 100 тоннадан кем эмес делип эсептелип жүрөт. Мындан тышкары кенде 20 тоннадай күмүш бар. Кенди 1969-жылы ачышып, 1974-жылдан 1984-жылга чейин зарыл болгон баардык геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүшкөн.

Азыркы учурда объект иштетүүгө толук даяр. Кенге чейин электр берүү линиясы тартылган. Серепчилердин пикиринде экономикалык жактан алганда Жерүй иштетүүгө абдан ыңгайлуу кен болуп эсептелет. Анткени анын кенчи терең эмес жайгашып, тоннасына 5-6 грамм алтыны бар жогорку курамдуу кен болуп саналат. Расмий маалыматтарга таянсак, буга чейин Казакстандын "Visor Group" компаниясы кенге лицензия алган жана долбоорго 2010-жылдын июль айына чейин 235 миллион доллар инвестиция салган. 2010-жылы апрель окуялары болуп өткөндөн кийин өкмөт Казакстандын компаниясынан кен иштетүү боюнча лицензиясын чакыртып алган. КРдин өкмөтү бул үчүн негиздер жетишердик деп билдирген. Бирок "Visor Group" компаниясы 2013-жылы Нидерландиянын Гаага эл аралык арбитраждык сотуна доо арыз берип, Кыргызстандан 400 миллион доллар доо өндүрүп берүү талабын койгон.

Буга карабай өкмөт конкурс өткөрүп, ушул жылдын 4-майында болгон сынактын негизинде Жерүйдү иштетүү укугуна Россиянын "Восток-геолдобыча" компаниясы ээ болгон болчу. Аталган компания кенди иштетүүгө 100 млн доллар котормок. Учурда компания аталган сумманын 10 пайызын которгонун "ВБ"га Мамлекеттик геология жана минералдык ресурсттар агенттигинин директору Дүйшөнбек Зилалиев билдирген.

Ошентип Кумтөрдөн кийинки эле ири кен деп эсептелген Жерүй кенинин иши үзгүлтүккө учуроодо. Бул маселени аягы кандайча чечилери белгисиз.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...