Акыркы макалалар

Жылына 100 миӊ гектар жер иштетилбей «кысыр калууда»

Бул тууралуу айыл чарба адиси, академик Жамин Акималиев Марал радиосуна билдирди. Акималиевдин маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасында 1 млн. га айдоо аянты бар. Анын 850 миӊ гектары суу баскан айдоо талаасы болуп саналат. Бул айдоо талаарын иштетүү үчүн сугат тармагын жакшыртып, дыйкандарды сапаттуу үрөн, заманбап техника менен камсыздоо зарыл. Ошондо бул айдоо талааларынан өзүбүзгө жана сатыкка да жетиштүү азык-түлүк өндүрүүгө болот дейт академик.

Ал эми сатып өткөрүү жагы жолго коюлбагандыктан дыйкандар ар жылы өндүргөн азык-түлүктүн 30% жоготууга учурап жатат. Андыктан мамлекет айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө азык-түлүгүн сатуусуна ыңгайлуу шарт түзүп берүүсү зарыл дейт Жамин Акималиев.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...