Акыркы макалалар

«Закят» фонду чын эле акча таркатабы?

Аталган кайрымдуулук фонд боюнча калк арасында түрдүү кептер жүргөндүктөн фонддун Оштогу жетекчиси Шырманай Кожоева атайын ММК өкүлдөрүнө маалымат жыйын өткөрдү. Ал: «Бул уюмду көз боемочу дегендер жаңылышат. Катталган жарандарга эми акча таркатабыз, жакында биздин инвестор Жеки Чан Кыргызстанга келиши күтүлүүдө» дейт. Бирок, калк арасында убадаланган инвестициянын кечигиши күмөн ойду жаратууда. Анын үстүнө, эч кандай үстөгү жок берилет деген билдирүүлөргө ишенип - ишенбегендер көп. Чындык кайсы тарапта экени эми элге каражат берилгенден кийин гана ачыкталат дейт фонддун өкүлдөрү. Кошумчалай кетсек, Ош облусунда бүгүнкү күндө «Закят» фондуна мүчө болгондордун саны 5 миңден ашкан. Алар 1000 сомдон акы төлөп мүчөлүккө кабыл алынган.

ЗЫЙНАТ ИБРАИМОВА, ОШ

22.03.2013 №11

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...