Акыркы макалалар

Оштун аянты 3,6 миң гектарга кеңейди

Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана менчик башкармалыгынын кызматкери Таирбек Муратов билдиргендей, буга чейин Кара-Суу районуна карап келген Нариман, Папан, Төлөйкөн жана Кызыл-Кыштак айыл округдарынын жерлери шаардын аймагына кошулду. Калаанын мурдагы аянты 14,5 миң гектар болсо, азыр 18,2 миң гектарга чейин кеңейди.

2004-жылы шаар менен облустун ортосунда анклавдарды жоюу максатында Ош облусунун айрым жерлерин шаарга өткөрүү боюнча өкмөттүн токтому чыккан. Бирок, ага каршылык көрсөткөндөр болуп, бул арада соттошуу болгон. Жогорку Сот бул маселеге чекит коюп, шаар бийлигинин пайдасына чечип берди.

НАЗГҮЛ БОСТОНБАЕВА

22.03.2013 №11

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...