Акыркы макалалар

А.Арапбаев: “Газпром Кыргызстан” газга 10 пайыздан ашык рентабелдүүлүк коё албайт

А.Арапбаев: “Газпром Кыргызстан” газга 10 пайыздан ашык рентабелдүүлүк коё албайт

"Газпром Кыргызстан" менен түзүлгөн келишим ЖКда ратификациядан өтүп жатканда бардыгы так жазылган. Мында "Газпром" 10 пайыздан ашык рентабелдүүлүктү коё албайт. Мындан сырткары биздин монополияга каршы комитеттин көзөмөлү менен бааны бекитет.

“Газпром Кыргызстан» компаниясы өкмөттөн газга болгон тарифти жогорулатууну өтүнүүдө. Себеби, 1000 куб метр газ Казакстандын чек арасында 165 доллардан сатылып алынат. Төлөм сом менен жүргүзүлгөндүктөн, ай сайын тариф доллардын курсунда белгиленип турат. Бирок өткөн жылы «Кыргызгаз» сатылып жатканда, тариф көтөрүлбөй тургандыгын айткан. Серепчилер болсо, аталган компания Орусияга толук өткөндөн кийин баалар каалагандай көтөрүлөт дешет. Мына ушул маселенин алкагында Жогорку Кеңештеги отун-энергетика комплекси жана жер казынасы боюнча комитетинин мүчөсү Азамат Арапбаев менен маек курдук.

-Кечээ өкмөт башчы Темир Сариевдин Чүй облусун газ менен камсыздоо иштери менен танышуу учурунда, “Газпром Кыргызстан” компаниясынын башчысы Болот Абилдаев газдын баасын көтөрүүнү суранды. Негизи буга чейин "Кыргызгаз" сатылып жатканда кымбаттабайт деп айтылган болчу. Демек, бул убадалар аткарылбайт десек болобу?

-Бул убадалар сөзсүз түрдө аткарылат. Бул эл аралык келишим. Ал эми келишим ЖКда ратификациядан өтүп жатканда анда так жазылган. Мында "Газпром" 10 пайыздан ашык рентабелдүүлүктү коё албайт. Мындан сырткары биздин монополияга каршы комитеттин көзөмөлү менен бааны бекитет. Орусия каалаган баасын коёт дегенден алысмын. Анткени, өкмөттүн алдындагы атайын регулятор бар.

-Баанын көтөрүлүшүн доллардын көтөрүлүшү менен байланыштырып жатат. Эмне үчүн бул маселе сатылып жатканда каралган эмес? Келишим түзүлүп жатканда доллар менен түзүлгөн. Келишим сом же рубль менен түзүлсө болот беле?

-Келишимди антип түзүүгө болбойт. Анткени Кыргызстан газ боюнча сырткы булактардан көз каранды. Өзүбүздө көп көлөмдөгү газ өндүрүлбөйт. Коңшу Өзбекстан менен Казакстандан газды доллар менен сатып алабыз. Сом девальвация болгондуктан, бул да баага өз таасирин тийгизет.

-Айрым эксперттер, "Кыргызгаз" алардыкы болгондой кийин, каалаган нерсесин жана каалагандай бааны коё алышат деп айтып жатышат. Азыр 3 менен 5 пайызга көтөрүүнү суранып жатат. Алдыңкы күндөрдө бул баа дагы көтөрүлүп кетпейби?

-Жок. Бул баа көтөрүлбөйт. Анткени бизде көзөмөлдөй турган атайын органдар бар. Кескин түрдө көтөрүлгөнгө эч ким жол бербейт. Мунун транзит баасы, чыгашасы бар. Булардын барын эсептеп чыгып, "Газпром" 10 пайыздан ашык рентабелдүүлүктү коё албайт.

-Маегиңизге ыраазычылык билдиребиз!

Автор: Гүлназ Мамытова

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...