Акыркы макалалар

Тоң аймагында тѳѳ куштар багыла баштады

Тоң аймагында  тѳѳ куштар багыла баштады

Тоң районунун Улахол айыл аймагынын Кара-Шаар айылында «Максат» мал чарбасында тѳѳ куштар багылып жатат. Тѳѳ куштарды багып, пайда кѳрүү менен бирге түйшүгү тууралуу жогоруда аталган мал чарбасынын жетекчиси Заирбек Имановдун алгачкы ийгиликтери тууралуу маек курдук.

Анын айтымында, төө куш багууга ал бүгүн эле кызыгып калган эмес. «Тѳѳ куштарды телевизордон кѳрүп кызыгып жүрчүбүз, Сокулукта багылып жатканын билип, биз жумурткаларын алып келдик. Жаз мезгилинде жумуртканы инкубаторго салып, аны чыгарып жатканда кыйналабыз. Кантип туура багабыз деген суроолор болот. Күнүнө бир килограммдан жем жейт. Чөптөрдү майдалап беребиз, капуста, сабизди жакшы жешет. Быйыл Кытайдан жаңы инкубатор алып келгенбиз, азыр ошону үйрөнүп жатабыз»-дейт З.Иманов.

Алмагүл Кеңешбекова Заирбек мырзанын жубайы. Ал тѳѳ куштардын пайдалуу экендигин белгиледи. «Келечекте үй-бүлөбүзгө дагы пайдасы тиет деп ишенем. Анын бир жумурткасы 100 доллар турат. Анын салмагы 1,5-2 кг чейин болот. Андан тышкары, мунун канаттары да абдан керек, мисалы, артисттер топуларына тагышат, ар бир канаты 1000 сомдон. Ар бир тѳѳ кушту 3.500 доллардан алып келгенбиз. Бир жумурткасын бышырып жесек, 10-15 киши тоет экен. Өзүбүз да чарчап-чаалыгып турган убакта, тѳѳ куштарды карап, эс алып калабыз. Балдарыбыз да кызыгат».-дейт А.Кенешбекова.

Айсулуу Бакыт кызы, Ысык-Көл облусу

Түп нускага шилтеме : erkintoo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...