Акыркы макалалар

Мамлекеттик кызматкерлерге кыргыз тилин билүү талаптары белгиленет

Бул жөнүндө Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында айтылат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Мыйзам “Мамлекеттик тил жөнүндө” Мыйзамдын айрым ченемдерин жакшыртууга багытталган. Ушул максаттарда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардарынын башка кызмат адамдары үчүн мамлекеттик тилди билүү талаптары белгилениши мүмкүн деген толуктоо киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 20-майында кабыл алынган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...