Акыркы макалалар

Россия Кыргызстандын мигранттары үчүн бир катар жеңилдиктерди берди

19-июнда, Петербург эл аралык экономикалык форуму өтүп жаткан маалда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Федералдык миграция кызматынын (ФМК) башчысы Константин Ромодановский менен жолугушуусу болду.

Федералдык миграция кызматынан маалымдашкандай, тараптар КРдин жарандарынын Россиянын аймагында жүрүшүнө байланышкан бир катар маселелерди талкуулашты. Ага ылайык, Кыргызстандын Евразиядык экономикалык биримдикке кирип жатышын эске алуу менен, ФМК тарабынан үч жылга чейин кирүүгө тыюу салган КРдин жарандарына дифференцияланган кирүү укуктарын берүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Ошол эле маалда миграция мыйзамдарын бузган КРдин жарандарына 2015-жылдын 10-июлунан 1-ноябрына чейин Россиянын аймагына эркин, тоскоолдуксуз кирип чыгуу укугун берүү чечими да кабыл алынды.

Мындан тышкары эки мамлекеттин жарандарынын Россия менен Кыргызстандын аймагына миграциялык каттоого турбастан эле 30 күнгө чейин эркин жүрүүсү тууралуу келишимге кол коюлду.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...