Акыркы макалалар

Республикалык олимпиадада Бишкектин окуучулары 1 орун га чыкты

Республикалык олимпиадада Бишкектин окуучулары 1 орун га чыкты

Бүгүн Бишкекте мектеп окуучулары арасындагы республикалык олимпиада жыйынтыкталды. Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Керез Жукеева Марал радиосуна билдиргендей, онго чукул предмет боюнча эки күнгө созулган сынакта биринчи орунга Бишкек шаарынын, экинчиге Ош шаарынын, үчүнчү орунга болсо Жалал-Абад облусунун окуучулары ээ болушту. Олимпиаданын соңку этабына жети дубан жана Бишкек, Ош шаарларынын мыктылары аталган 322 окуучу катышты.

Эми бул сынактын жыйынтыгы менен химия, физика, математика, биология жана информатика сабактары боюнча эл аралык олимпиадага катышчу окуучулар да аныкталат.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...