Акыркы макалалар

Ооганстан интернет-маркетингди өнүктүрөт

Ооган бийлиги келерки жылдан тарта он лайн соода аянтын түзүп, жергиликтүү ишкерлерге товарларын чет элге сатуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Бул тууралуу өлкөнүн Соода жана өндүрүш палатасынын жетекчиси Хасан Рахими журналисттерге билдирди. Анын айтымында, мамлекеттеги саясий кырдаалдан улам чет элге товар сатуу деңгээли кескин төмөндөп кеткен.

Интернет-маркетинг аркылуу ооган ишкерлери негизинен айыл-чарба азыктарын жана кымбат баалуу таштарды сатат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн баш кеңсеси Дубайда жайгашкан көп улуттуу соода тармагы боюнча компания 20 миллион доллар сунуштаган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...