Акыркы макалалар

Таза суунун кадырына качан жетебиз?

Нарын шаарынын калкы негизинен үч суу алуучу жайдан суу ичишет жана пайдаланышат. Расмий маалыматтарда аталган калаада 35 миң адам бар деп маалымдалса, коомдук пикирде 50 миңге жакын адам жашап жаткандыгы айтылып келет. Ал эми Нарын суу-канал ишканасы 20 730 адамды гана суу менен камсыздарын билдирет.

1941-жылы Шаркыратма агын суусунан агызылып келген суулар жыгач суу түтүктөр аркылуу өткөрүлүп, анын узундугу 2,3 чакырымга жеткирилет. 1960-жылдарда «Ак-Бечел» суу алуучу жайы курулуп, алгач суткасына 4 миң куб метр суу бере баштайт. 1970-жылдарда болсо Ак-Бечелге экинчи суу алуучу ири түтүк салынып, суу көлөмү дагы 2 миң куб метрге көбөйтүлөт. Ал эми эгемендик жылдарда Дүйнөлүк Банк, «АРИС», «Ага-Хан» жана бир катар демөөрчүлөрдүн долбоорлору аркылуу шаардын чыгыш жана батыш бөлүктөрүнө 4,4 жана 1,6 чакырым аралыкка суу түтүкчөлөр жаңы курулуп, канализация системалары калыбына келтирилген. Суу менен камсыз болбогон бир катар жаңы конуштарга суу түтүктөр тартылган. Эң башкысы «Ак-Бечел» суу алуучу жайын дагы кеңейтүү үчүн жалпы наркы 89,7 миллион сомго Өкмөт тарабынан 2009-жылы каржылоого алынып, ишти негизинен аяктоо 2012-жылы жүзөгө ашырылды.

Таза сууну таңбайбыз

Кептин ток этээр жерине келсек, Нарын шаарында таза суу жагдайы татаал абалга кептелгенсийт. «Өйдө тартса өгүз өлгөн, ылдый тартса араба сынган» учурду азыркы күндө шаардагы суу-канал ишканасы башынан кечирүүдө. Ал эми жалпы калк катмары эртеңки күндөн эч кабарсыз кабагым кашым дебестен күн кечирип жатышат. Кеп кенемтемени ишканадан баштасак көңүл кубанганга караганда «мышык ыйлаарлык» көрүнүштөр четинен калкып чыга келет. Нарын суу-канал ишканасы колду чөнтөккө салып эле олтуруп алган эмес. Алсак 2012-жыл ичинде дээрлик жарылууга дуушар болгон 43 суу чоргону капиталдык оңдоодон өткөргөн. 76 суу кудукчасы тазаланып, өрткө каршы 5 гидрант алмаштырылган. Бирок ишкана жыл жыйынтыгын 6,5 миллион сом аласа, бир миллион сомдон ашык бересе менен аяктаган. Мындан эл 4,2 млн. сом бересе болушса, жалпы бюджеттик карыз 2,3 млн. сомду түзгөн. Ошол эле учурда ишкана, социалдык корго, алынган тетиктерге жана башкысы айлык акыга карыз менен жылды жыйынтыктаган. Ишкананын башкы кыбаачысы Токтобек Байгазиев жыл өткөн сайын оңдоо жумуштарды аткаруу кыйынчылыгы түзүлүп жаткандыгын белгилейт

«Үч эле жыл мурда суу түтүктөрдөн жана чорголордон жылына 15-16 жолу жарылуу катталып келген. 2011-жылы ал 30га жетти, былтыр болсо 43 жарылууну кайра калыбына келтирдик. Айтор жыл өткөн сайын жарылуулар көбөйүүдө. Себеби суу түтүктөр жана чорголордун эскилиги жетти. Аларды учурунда оңдоп туруу үчүн акча каражат тартыш. Экинчиден кошумча тетиктер баасы кымбаттоодо. Мисалы бир эле электр кыймылдаткычтын баасы 50 миң сомго чыгып кетти. Биз болсо чарбалык эсептеги ишканабыз»-дейт Т.Байгазаков мырза.

«Суу-канал ишкана жактан элге түшүндүрүү иштер жасалбай жатат. Экинчиден толук кандуу иликтелген жумуш аткарылган да жок. Мисалы чын эле үйлөрүнө суу киргизгендердин саны 1500 түтүнбү же андан көппү эч ким так айта албайт. Ошол эле учурда ишкананын үстүнөн арыз-даттануу көп түшүүдө»,-дейт Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Алмаз Суранов. Шаар бийлиги айтса-айтпаса төгүнбү, жогоруда белгиленгендей ишкана 20 730 гана адамды суу менен камсыздап жаткандыгын билдирет. Демек расмий маалыматтарга таянганда эле дагы дээрлик 15-17 миң адам катталбастан эле суу ичип жатат дегендик эмеспи.

«Биздин шарт боюнча суу чоргодон 300 метр алыстыкта жашаган адамдар абонент катары эсептелбейт»,-деп жооп кылды ушул өңүткө Т.Байгазиев мырза.

Тартипке качан келебиз?

Ал эми ишкананын кесип бирлик уюмунун төрагасы Ыйманакун Жамгырчиевдин баамында таза суу көйгөйүн чечүүдөн мурда башаламандыктарды жоюу зарыл.

«Ишканада бир оңчулуктуу атайын техника жок. Короонун кебетеси кетип бүттү. Анан кайдагы иш. Башка мекемелерден экскаватор сураш эле кошумча миңдеген сомду чыгаша кылууда. Азыр болсо үйүнөн суу чыгарууга уруксатты баары тең берип жатат. Мындайча айтканда эсеп жок. Ал эми ичкен суусуна байкуш карапайым эл төлөйт. Эзели оңой менен аткаминерлер төлөбөйт. Уруксаты жок мончо салып алгандар бар. Ал пенсия алган адам эмес, бир столду кучактап олтурган жетекчи болуп чыгат. Анан кантип оңолобуз»,-деп мунканат Ы.Жамгырчиев. Кесип бирликтин башчысы айтмакчы сууга миңдеген сом төлөм төлөбөгөн жарандардын аты-жөнүн кезиктирдик. Бирок ишкананын айрым тиешелүү кызматкерлери алардын аты-жөнүн атоодон жаа бою качышты.

“Оболу, суу түтүгүндөгү музду чагып беришсин...”

Өз ысымын Кадыр деп атаган 72 жаштагы карыянын жеке пикиринде суу-канал ишканасы суу чорголорду күндө кышында муздан арылтып чагып турбагандыгы үчүн анда иштегендер жоопкерчиликке тартылышы керек. «Ой, биз суусу жок жанакы чөл мамлекеттер болсок да эмне болуп кетиптирбиз. Эмне үчүн булар Кудайдын берген суусун да бизге түзүк беришпейт. Ошон үчүн иштеп айлык алып жатышат. Элден сууга деп акча сурап келишсе кыйын, ал эми суу түтүгүно тоңгон музду чагышып, тазалаганга келгенде бирөө да жок. Ошон үчүн бая өгүнү мындан ары сууңарга акча төлөбөймүн деп, келгендерин өз жолуна салдым»,-деди Кадыр аттуу карыя.

Үчүнчү абалды бийликтин алсыздыгына байланыштыруудабыз. Эмне үчүн? Башкысы мамлекеттик төлөмдөрдү суу үчүн убагында эсептешүү жүргүзүлбөгөндүгү. Алсак Нарын шаарындагы 2025-чек ара аскер бөлүгү 2013-жылдын 1-январына карата 157 миң, №87-кесипчилик окуу жай 226 миң, шаардык билим берүү мекемелери жалпысы 1370 миң сом суу акыларын беришкен эмес. Натыйжада мамлекетте дагы «баары бир сууга акы төлөнөт да» деген кыяздагы көндүм адат арыла элек.

Демек мындай көз карашта кайдыгер мамилени жалпыбыз тең уланта берип, жыйынтыгында эртеңки күнү суусуз олтуруп калаарыбызды түшүнбөсөк, анда алдыда оор кырдаалдар күтүп турганы турган.

КҮМӨНДӨР УСУПТЕГИН, НАРЫН

22.03.2013, №11

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...