Акыркы макалалар

Жолдошова "Ата-Журт" фракциясынын лидерлигинен кеткенине нааразы

Бүгүн, 17-июнда болгон парламенттин жыйынында "Ата-Журт" фракциясынан депутат Жылдызкан Жолдошова аны мыйзамсыз түрдө фракция лидерлигинен алып салышканына нааразы болду.

Депутаттын айтымында, бул иш 10-июнда ал Ошто жүргөндө болгон.

"10-июнда мен Ош окуясынын беш жылдыгын эскерүү иш-чарасында жүргөм. Мен ал жакта элди колдош үчүн жүрдүм эле. Менин жоктугумдан пайдаланышып, мени фракция лидерлигинен кетиришиптир",-дейт депутат.

Ал Кыргызстандын элине кайрылуу жасады.

"Мен түштүктө болчумун. 120 депутаттын ичинен мен жалгыз барганым өкүнүчтүү. Беш жыл мурда болгон окуялар канчалык трагедиялуу эле, эскерүү иш-чаралардын ушундай өткөрүү туура эмес болду. Бийлик уюштуруу иштерин мыкты жүргүзсө болмок",-деди Жолдошева.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...