Акыркы макалалар

Чек ара үчүн өлүп берүүгө даяр Шаар эне

Чек ара үчүн өлүп берүүгө даяр Шаар эне

-Мен Мажитова Шаар, Баткендин Көк-Таш айылынанмын. Ушул айылга бизди 90-жылдары (андан бери 24 жыл өттү) тажиктин Чаркөө айылынан көчүрүп келишкен. Тажиктер менен коңшу болуп, кыргыздын чек арасында силер гана жашай аласыңар, кыргыздын жерин тажиктер басып алып койбосун дешип көчүрүп келишкен. Он бир балам Чаркөөдөн окуду. Көк-Таштын бир жагында кыргыздар, экинчи жагында тажиктер жашайт. Айылда 5-6 кожолук бар. Жерибиздин бир метр жерин да тажиктерге бербейбиз, чек ара үчүн өлүп берүүгө даярбыз деп чеп болуп отурабыз. Адегенде айылда свет жок эле. Аны бийликке айттырып отуруп, Чаркөөдөн тарттырып келдик.

Бир тажик сенин огородуңан бир машина өтө турган жол бер дегенде, такыр бербей койдум. “Менин шапаттай эле жерим бар, аны сага жол кылып бере албайм. Чек ара жери үчүн өлүп берем” дедим. Тажик ушу бир кампырга алым келбейби деп, дубалдан ашып өтүп, оозго алгыс сөздөр менен ашатып сөгүп, мени согуп калды. Мени сулатып коюп тажик качып кетти. Кошуналарым мага жүгүрүп келди. Айыл башчыга жана Өсөрова Разияга тилпан кылдым. Алар Ак-Сайдан эки та милиция барат деди. 3 күн кабар албадым. Анан акимчиликке бардым. Акимди чакыр десем, орун басары бар экен, ага кирип, прокуратурага арыз жаздым. Алар тастыктап чыгабыз деген. Анан жайлоого көчүп кеттик. Келсек, тажик менен кыргыз муназа болду, жарашып алгыла деди.

Азыр чек араны жакшы карап калышты. Солдаттар биздин үйдүн жанынан саар-кеч өтүп турушат. Оо мурда, тажиктердин айынан үйүмдө эки кыз, бир наристе, келин менен уктабай таң атырган күндөр болгон. Ошондо Кулов бизге барган.

Кудайга шүгүр, азыр жакшы. Азыр Муктар Өмүракунов фонду мени сыйлап, 30 миң сом сыйлык берип жатат.

Түп нускага шилтеме : pk.journalist.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...