Акыркы макалалар

Бишкек мэриясына Жапония өкмөтү грант бөлүп берди

Бишкек мэриясына Жапония өкмөтү грант бөлүп берди

Бүгүн Бишкек шаарынын мэриясы жана Кыргызстандагы Жапония элчилиги гранттык келишимге кол коюшту. Япония өкмөтү Бишкектеги мүмкүнчүлүгү чектелген балдар окуучу мектептердеги билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана тамак - аш даярдай турган жабдыктарды жаңыртуу максатында Бишкек мэриясына грант бөлүп берди. Бөлүнгөн гранттын көлөмү 114 миң 198 АКШ долларын түзөт. Бул биринчи социалдык долбоор. Мындан башка да долбоорлор даярдалып жатканын жана ал долбоорлордун бири жай мезгилинде ишке ашырылып, анын алкагында калган мектептерди жаңы жабдыктар менен камсыз кылуу аракети кызуу жүрүп жатканын шаар мэри билдирди.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...