Акыркы макалалар

"Улутташтыруу" деген түшүнүктү мыйзамдардан алып таштоону сунушташууда

Кыргызстан масштабдуу соттук реформага муктаж. Айрыкча инвестициялык маселелер боюнча өзгөртүү киргизүү зарыл. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда "Улуттук экономиканы чыңдоо" темасында өткөн жыйын учурунда "Ата-Журт" фракциясынан депутат Марат Султанов билдирди.

Анын айтымында, биринчи кезекте сот системасынын бюджеттик көз карандысыздыгын күчөтүш керек. Ошондой эле кандай гана талаш-тартыш болбосун инвесторлордун эл аралык арбитражка кайрылуусуна укук берип, ал мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынуусу керек.

"Инвесторлордун бардыгын коркутуп жаткан "улутташтыруу" деген түшүнүктү мыйзамдан алып таштоо зарыл. Соттук отурумду толук жаздырып алып, керек болсо аны Интернетке жайгаштырыш керек. Ошондой эле аны 30 жыл сактоону милдеттендирүү зарыл. Мындай ыкма көптөгөн сотторду тизгиндеп турат. Ошондой эле соттордон бир гана 10 жылдык тажрыйбаны талап кылбастан, кошумча дагы 5 жылдык адвокаттык тажрыйбаны талап кылуу шарт", -деди Султанов.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...