Акыркы макалалар

Баткенде сел жүрүп 100 ашык турак жай жабыр тартты

Кечээ, 8-июнь күнү Баткен облусунун Бешкент жана Кулунда аймактарында кечки саат 19.00 чамасында тоодон сел келип, көптөгөн турак үйлөр жабыр тартты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам маалыматына ылайык, Бешкент айлында 65 үй, Кулунда айылында 70 жакын турак жай селден жабыр тарткан. Азырынча адамдар жабыр тартканы тууралуу маалымат жок.

Сел болгон аймакка кечээ куткаруучулар жөнөтүлгөн. Андан тышкары, 50 чатыр, кийим-кечек, азык-түлүктөр жана 1 эксковатор жеткирилди. Учурда сел болгон аймакта куткаруучалар иштеп жатат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...