Акыркы макалалар

Кыргыз-казак чегарасындагы ветеринардык көзөмөл июлда алынышы мүмкүн

Евразиялык комиссиянын кеңеши (ЕАЭБдин беш мамлекетинин вице-премьерлери) КРдин көзөмөл системасы ЕАЭБдин башка өлкөлөрү менен эквиваленттүү деп чечкенден кийин кыргыз-казак чегарасындагы санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл алынат. Бул тууралуу кечээ, 4-июнда болгон тегрек столдо Евразиялык экономикалык комиссиянын интеграцияны өнүктүрүү департаментинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, КРдин ЕАЭБге кириши боюнча жумушчу топтун жооптуу катчысы Федор Черницын билдирди.

Анын айтымында, июнь айынын ортосунда Кыргызстанга комиссиянын адистери жагдайды баалаш үчүн келмекчи.

"Мен кыргызстандык шериктер бекеттерди, лабораторияларды жабдуу жана кызматкерлерди даярдоо боюнча чымырканып иштеп жатканын билем. Россия олуттуу түрдө көмөк көрсөтүүдө, капиталы 1 млрд доллардан ашкан атайын фонд дагы түзүлгөн. Казакстан дагы материалдык каржылык жактан көмөк берүүдө. Июндун соңунда жана июлдун башталышына карата бул маселе чечилип калат деген үмүттөбүз. Башкача айтканда кыргыз-казак чеграсында чегарачылар гана калууга тийиш",-деп белгиледи Черницын.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...