Акыркы макалалар

Депутаттар шайлоо босогосун 9 пайызга чейин жогорулатууну колдоп жатышат

Кечээ, 4-июнда Кыргызстандын парламентинин жыйынында депутаттар шайлоо босогосун 7 пайыздан 9 пайызга чейин жогорулатуу тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышты.

Эскерте кетсек, аталган документтин демилгечиси - "Ар-Намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов. Буга чейин ал шайлоо босогосун 10 пайызга чейин жогорулатууну, бирок бул пайыздык көрсөткүчтөн аша албаса, көпчүлүк добуш алып алдыга чыккан 4 партия парламентке келиши керек деген долбоорду сунуш кылган. Бирок документти палата жыйынында талкуулоо маалында көпчүлүк эл депутаттары мындай оңдоого макул болбой, "10 пайыздык көрсөткүч жогору чек, аны эч бир партия топтой албайт",- деп каршы чыгышкан.

Кулов депутаттардын баардык талаптарын эске алып, мыйзам долбооруна кайрадан оңдоо киргизгенин белгиледи. Соңунда ал азыркы шайлоо босогосун добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын эсебине карата 7 пайыздан 9 пайызга чейин жогорулатууну сунуш кылды. Ошол эле маалда аймактар боюнча добуш берүүчүлөрдүн 0,7 пайыздык добушун 0,5 пайызга төмөндөтүшмөкчү.

Эскерте кетсек, азыркы мыйзам боюнча партиялар Жогорку Кеңешке шайланып келиш үчүн республика боюнча баардык шайлоочулардын 7 пайыздан кем эмес добушун алышы керек жана аймактар боюнча добуш берген жарандардын 0,7 пайыз добушуна ээ болууга тийиш.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...