Акыркы макалалар

100дөн ашуун май куюучу жай ишин токтоткон

100дөн ашуун май куюучу жай ишин токтоткон

Салык кодексинин 217-беренесине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, үстүбүздөгү жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирген. Ошол күндөн тарта ишкерлер нааразычылыктарын билгизип, кайрылышууда. Анткени мыйзамда бир топ катачылыкка жол берилип, ишкерлеридин иштөөсүнө тоскоолдуктар жараткан. Бүгүн өкмөттүн алдындагы бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин жыйынында да бул маселе козголду. Анда бир топ ишкерлер ушул мыйзамдын кесепетинен ишин токтотууга мажбур болгон. Жыйынында нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Жумакадыр Акенеев ушул мыйзам күчүнө киргенден бери 100дөн ашуун май куюучу жай жумушун токтоткондугун айтып, мыйзам өзгөргөнгө чейин мурунку көлөм менен салык төлөп турууну сунуштады. Анын бул сунушун өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдыев да колдоп,көйгөйдү кыска убакыттын ичинде чечүү керек экендигин айтты.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...