Акыркы макалалар

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды

Бул тууралуу билимди баалоо жана окутуу усулдарынын борборунун башкы адиси Мээрим Кадырова билдирди.

Анын айтымында, каттоо 11-мартта башталган жана 2013-жылдын 11-апрелине чейин уланат. "ЖРТ ЖОЖдордун гранттык орундарына тапшырууда жана келишимдик негиздеги бардык окуу формаларына милдеттүү болуп саналат. ЖОЖдорго гранттык негизде тапшырууну каалаган абитуриент үчүн негизги жана 1 профилдик предметтен кем эмес тест милдеттүү болуп саналат.

Ал эми келишимдик негизде окууну каалаган абитуриент үчүн профилдик предметтик тесттин болушу тиешелүү багытта окууга кабыл алынууга артыкча укук берет. Өткөн жылдары тапшырбай калгандар үчүн ЖРТдан каттоодон өтүү жана жакынкы пункттан график боюнча тест тапшыруу мүмкүнчүлүгү бар”, - деп түшүндүрдү адис.

Кадырованын айтымында тесттин баасы баштагысындай 220 сом бойдон калгандыгын билдирди.

Жалпы республикалык тест 18-майда бир мезгилде бүт республика боюнча өтөт.

Кененирээк www.maral.fm.kg сайтынан аудио форматында уга аласыздар.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...