Акыркы макалалар

Ош шаары кредитке троллейбус, автобус сатып алууну көздөөдө

Ош шаарына 20 троллейбус жана 24 автобус сатып алуу керек. Бул тууралуу парламентте шаардык вице-мэри Кутманалы Абдрахман уулу маалымат берди.

Анын айтымында, Ош шаары троллейбус жана автобустар менен 26% гана камсыздалган.

"2010-жылдагы июнь коогалаңында 23 коомдук транспорт күйүп кетип, бүгүнкү күндө шаар транспорт таңкыстыгын баштан кечирүүдө. Азыркы иштеп аткандардын муктаждыктын төрттөн бирине гана жетет. Алардын көпчүлүгү 90-жылдан мурда чыгарылган унаалар”, - деди Абдрахман уулу.

Ошко жаңы унааларды сатып алуу үчүн Каржы министрлиги Европа өнүктүрүү банкынан 1% менен кредит алууну көздөөдө. Вице-мэр насыяны жол киреден түшкөн каражат менен төлөөгө мүмкүнчүлүк бардыгын белгиледи.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...