Акыркы макалалар

Эртең Бишкекте аба ырайы 33 градуска чейин ысыйт

Бишкек шаары боюнча эртең, 5-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 15…17°, күндүзгү жогорку температурасы 31…33° жылуу болушу күтүлөт, деп билдирет Кыргызгидромет.

Республика боюнча эртең күндүз тоолуу райондордо, айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14....19, күндүз 29....34; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 12...17, күндүз 28....33. Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 14...19, күндүз 29....34 градус жылуу болот. Ысык-Көл областында: түнкүсүн 7...12, күндүзү 20....25, ал эми Нарын областында - 5....10, күндүз 22....27 градуска чейин ысыйт.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...