Акыркы макалалар

Ат-Башыда койдун куйрук майын жеген жырткыч пайда болду

Ат-Башыда койдун куйрук майын жеген жырткыч пайда болду

Ат-Башы районунун Беш -Белчир жайлоосунда шумдуктуу жырткыч чыгыптыр. Бул тууралуу "Асман плюс" гезитинин менеджери Сабитбай Маматов күбө болуп, сүрөтүн гезиттин жаңы чыккан санына жарыялады.

Руслан Окенбаев деген малчы буларды айтып берди: "Мен бул койлорго кол салган жырткычты көрөйүн деп эртең менентен түшкө чейин аңдып жаттым. Түш болуп калганда шам-шум этейин деп үйгө карай басып, жетейин деп калганда койлорум үркүп калды. Кайра чуркаган бойдон келсем бир койдун куйругун жеп жибергенге үлгүргөн экен бул белгисиз жарткыч". "Таң каласың, же койду тытмалаган бир өзгөчө тактар да жок. Андан да кызыгы, койдун жалаң куйрук майын жеп, этке жеткенде токтотуп салганы" , - дейт жаш малчы жигит.

Анын сөзүнө дагы бир малчы жигит Турусбек Молдоев кошулду. "Менин да эки-үч коюмдун куйругун жеп кетти бул шүмшүктөр. Менин эле койлорумду жеп жатабы деп ойлогом, бирок башка малчыларда да ушундайлар болуптур. Койду жеген жерге барсам, койдун куйрук терисин тытмалап сыйрып жерге таштап, куйрук майын жеп кетиптир", - деп кошумчалады.

Ушул жерден көптү билген киши катары жергиликтүү жашаган аксакал Асанкадыр Курманалиев да өз оюн айтты: ""87-жылдан бери малчылык менен алектенем. Ушул жашка келгени өмүрүмдө мындайды биринчи жолу угуп-көрүп атам. Бул түшүнүксүз болуп атпайбы. Эгер кашкулак болсо толорсук тарамышын кырчып ийет, карышкыр болсо моюндан же толорсуктан алат. Чөө болсо койдун терисин жулмалап, тытмалап салмак. Мунун бир кызыгы - койдун денесинде эч бир тытмалаган так жок. Кой өзү атайы туруп бергенсип. Койдун куйрук майын гана жеп кетип атпайбы?".

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...