Акыркы макалалар

Россия-кыргыз өнүгүү фонду жөнүндө келишим ратификацияланды

Федерация кеңеши пленардык жыйынында Россия менен Кыргызстандын ортосундагы Россия-кыргыз өнүгүү фонду жөнүндө өкмөттөр аралык келишимди ратификациялады. Бул тууралуу "Парламентская газета" маалымдайт.

Документ аркылуу Россия мнен Кыргызстандын ортосунда Кыргызстандын экономикасынын ар түрдүү тармактары боюнча долбоорлорду каржылай турган Россия-кыргыз өнүгүү фондун түзүү каралган. Келишимге 2014-жылы 24-ноябрда Бишкекте кол коюлган болчу. Келишим фонддун уставын бекитет, анын ишмердигинин шарттары менен мехнизмдерин, негизги принциптерин аныктайт.

Россия Федерациясынын каржылык милдеттери бекитилет, анын негизинде 2014-2016-жылдарда федералдык бюджеттен уставдык капиталы 500 млн долларлык фонд түзүү үчүн атайын сумма бөлүнөт. Ошондой эле 500 млн. доллардан кем эмес карыз берүүчү каражаттарды сунуштоо каралган.

Фонддун уставдык капиталына алгачкы төлөм-100 млн доллар Россиядан 2014-жылдын декабрь айында которулган. Калган каражаттар, тактап айтканда 400 млн доллар баскыч-баскычы менен 2015-жыла жана 2016-жылы которулмакчы.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...