Акыркы макалалар

Мегакомду сатуу пландалууда

Өкмөттүн кезексиз жыйынында “Альфа телеком” ЖАКты сатуу сунушталды. Мегакомду 2015-2017-жылга менчиктештире турган обьекттердин катарына киргизүү сунушунун Экономика министри Олег Панкратов киргизип, өкмөт мүчөлөрү бир добуштан колдошту.

Өкмөт башчы Темир Сариев белгилегендей, “Альфа телеком” компаниясы потенциалдуу инвесторлор үчүн кызыгууну жаратууда. Азыркы учурда “Альфа телеком” жабык акционердик коому кирешелүү обьекттердин бири. Бирок бардык кирешелер бюджетке кеткендигине байланыштуу, компанияны өнүктүрүүгө акча каралбай жатат. Эгерде ушундай багытта кете берсек Мегаком 1-2 жыл ичинде банкроттук абалга келиши толук мүмкүн дейт.

Эске салсак “Альфа телеком” компаниясынын 49% акциясы 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен улутташтырылса, 2014-жылы соттун чечими менен калган 51%ы камакка алынган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...