Нарында балдардын шоктугунан 1,5 га жер, 40 түпкө жакын карагай, 6 баш кой, 5 баш эчки өрттөндү. Бул тууралуу маалыматты КР ӨКМнин Нарын райондук өрт коопсуздугу бөлүгүнүнөн таратышты. Маалыматка ылайык 17-март күнү саат 13:15 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 292-чакырымында (Кара-Үңкүр чеги) тоонун боору өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Саат 14:40та аталган аймакка КР ӨКМнин Нарын райондук өрт коопсуздугу бөлүгүнүн башчысынын жетекчилиги менен КРнын ӨКМнин №16 өрт коопсуздугу бөлүгүнөн 1 бөлүм, токой чарбасынан 10 адам жана жергиликтүү тургундардан 11 адам барышкан. Саат 18:05те өрт толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 1,5 га жер, 40 түпкө жакын карагай жана 6 баш кой, 5 баш эчки өлгөн. Өрттүн себеби - жаш балдардын отко болгон этиятсыздыгынан келип чыккан.Райондук жарандык коргоо комиссиясы тарабынан келтирилген чыгым такталууда.
Түп нускага шилтеме : www.naryn.kg
Азырынча бир да пикир жок...