Акыркы макалалар

"Өнүгүү-Прогресс" менен "Улуттар Биримдиги" шайлоого өз алдынча бармай болушту

"Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы менен "Улуттар Биримдиги" партиясы алдыдагы шайлоого бирге даярдык көрүү тууралуу келишимин бузушту. Мындай демилгени Ош шаарынын экс-мэринин саясий партиясы көтөрүп чыккан.

"Өнүгүү" партиясынан маалымдашкандай, "түзүлгөн жагдайдан улам Мелис Мырзыкматовдун партиясы Жогорку Кеңештин шайлоосуна тиешелүү деңгээлде катыша албашы мүмкүн".

"Ушундан улам бизге келишимге карабай, шайлоого өз алдынча баруу сунушталды. "Өнүгүү" партиясынын позициясы жалпысынан өлкө боюнча жана айрыкча түштүк жергесинде бекемделди жана биздин шеригибиз бизге динамиканы жоготпой өз алдынча аракеттерди көрүүнү кеңеш берди. Шайлоого даярдык көрүү бул - татаал процесс",-деп билдиришти саясий партиядан.

"Сүйлөшүүлөргө Мелис Мырзакматов өзү катыштыбы?" деген суроого "Өнүгүү" партиясынан эки партиянын тең лидерлери чечим туралуу билише турганын айтып жооп узатышты.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...