Акыркы макалалар

Жума күнүн эс алуу күнү кылууну коомчулук менен талкуулашат

Жогорку Кеңештин адам укугу, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети жекшемби күнүн жума күнүнө жылдыруу жөнүндө мыйзам долбоорун коомдук уктурууга алып чыгат. Бул тууралуу кечээ, 2-июнда өткөн комитеттин жыйынында "Ата Мекен" фракциясынан депутат Наталья Никитенко маалымдады.

"Ар-Намыс" фракциясынан депутат Турсунбай Бакир уулу тарабынан демилгеленген мыйзамды талкуулоонун жүрүшүндө Никитенко биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин колу коюлган өкмөттүн бүтүмүн окуп берди. Анын айтымында, документте маселеге жетишерлик жүйө келтирилбегени жана маселе уюмдардын эмгек келишимдеринин алкагында жөнгө салынары жазылган.

"Өкмөт аны парламентке сунуштоого эртелик кылат деп эсептейт. Анан калса коомдук уктурууга алып чыгуу керек",-деди Никитенко.

Бирок депутаттар уктуруунун так мөөнөтүн белгилешкен жок.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...